ЖАҢЫ-ЖЕР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Жаңы-Жер айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын VII сессиясы
2025-жылдын 31-июлу №34
Айыл өкмөтүнүн башчысына кызматтык автоунааны лизингге сатып алуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн 2025-жылдын 29-июлундагы №01-18/3163 сандуу катынын жана Баткен облусунун айыл өкмөттөрүнүн башчылары үчүн кызматтык автотранспорт каражаттарын лизингге сатып алуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 25-июлундагы №633-т тескемесин аткарууга алуу максатында Жаңы-Жер айылдык кеңеши токтом кылат:
- Жаңы-Жер айыл өкмөтү Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 25-июлундагы №633-т тескемесине ылайык, белгиленген тартипте “Мамлекеттик лизинг компаниясы” ачык акционердик коому менен кызматтык автоунаа сатып алуу үчүн келишим түзүүгө макулдук берилсин.
- Белгиленген тартипте лизинг боюнча төлөмдөрдү аткаруу үчүн жергиликтүү бюджетке тиешелүү жылдар үчүн акча каражаттары каралсын.
- Токтомду аткаруу боюнча тиешелүү чараларды көрүү жагы Жаңы-Жер айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.
- Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңешинин Бюджет, экономика, муниципалдык менчик, айыл чарбасы, инвестиция, ишкердик иш боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Тѳрага | К.Мурадилов |
|
|