АЛЕКСАНДРОВКА АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЛЕКСАНДРОВКА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Александровка айылдык кеңешинин XXIX-чакырылышынын 16-сессиясы
2023-жылдын 19-январы №67
Александровка айыл аймагында үй-бүлөлүк салтанаттарды
жана өлгөндү эске алуу ырым-жырымдарын өткөрүүнүн тартиби
жөнүндөгү Жобосуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 24-февралындагы №54 “Кыргыз Республикасында үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү үрп-адаттарын тартипке келтирүү боюнча чаралар жөнүндө” Жарлыгынын, Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылар жөнүндө” мыйзамынын негизинде
Александровка айылдык кеңеши токтом кылат :
1. Александровка айылдык кеңешинин XXVIII-чакырылышынын 2022-жылдын 25-мартындагы №17-токтому менен бекитилген Александровка айыл аймагында үй-бүлөлүк салтанаттарды жана өлгөндү эске алуу ырым-жырымдарын өткөрүүнүн тартиби жөнүндөгү Жобосунун 3.1 пунктуна өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилип төмөнкүдөй окулсун:
- Ымыркай төрөлгөнүнө, бир жашка толгонуна, сүннөткө отургузууга, үйлөнүүгө, куда тосууга байланышкан үй-бүлөлүк салтанаттарды ж.б. иш-чараларды өзүнүн мүмкүнчүлүгүнө жана ири акча каражаттарын чыгымбастан өткөрүүгө уруксат.
2. Ушул токтомдун аткарылышына көзөмөл жүргүзүү Александровка айыл өкмөтүнүн башчысы Н.А.Султаналиевке жүктөлсүн.
Төрайым | Давузова М.Ю. |