Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ
2025-жылдын 12-августу ПЖ № 236
Кыргыз Республикасында кесиптик жогорку билим берүүнүн сапатын камсыз кылуу боюнча чаралар жөнүндө
Кесиптик жогорку билим берүүнүн сапатын жогорулатуу, кесиптик билим берүүнүн заманбап санариптик аралыктан форматын өнүктүрүү максатында, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 10-мартындагы № 83 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызмат системасынын натыйжалуулугун жогорулатуу жана бюрократиядан арылтуу боюнча кошумча чаралар жөнүндө" Жарлыгын ишке ашырууга мониторинг жүргүзүү боюнча ведомстволор аралык комиссиянын 2025-жылдын 15-апрелиндеги № 2 протоколдук чечимин эске алып, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 66, 71-беренелерин жетекчиликке алып, токтом кылам:
1. Төмөнкүлөр белгиленсин:
1) 2026-2027-окуу жылынан тартып орто жалпы билим берүүнүн базасында менчигинин түрүнө, ведомстволук таандыктыгына жана статусуна карабастан кесиптик жогорку билим берүүнүн билим берүү уюмдарына сырттан окуу формасы боюнча кабыл алуу токтотулат деп;
2) кесиптик жогорку билим берүүнүн билим берүү уюмдарында аралыктан билим берүү технологияларын колдонуу менен сырттан окуу формасы боюнча адистерди даярдоого кесиптик орто жана кесиптик жогорку билим берүүнүн базасында тездетилген программалар боюнча, ошондой эле магистрлерди даярдоо программалары боюнча жол берилет деп.
2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети:
1) сырттан окуу формасынын алкагында колдонулуучу алыстан идентификациялоонун элементтерин милдеттүү түрдө пайдалануу менен заманбап аралыктан билим берүү технологияларын өнүктүрүү үчүн кесиптик жогорку билим берүүнүн билим берүү уюмдарында шарттарды түзүүнү камсыз кылсын;
2) алты айлык мөөнөттө өзүнүн чечимдерин ушул Жарлыкка ылайык келтирсин;
3) ушул Жарлыктан келип чыгуучу башка зарыл чараларды көрсүн.
3. Бул Жарлыктын аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
4. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
“Эркин-Тоо” мамлекетик расмий газетасынын 2025-жылдын 15-августунда № 61 (3717) жарыяланды.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
| С.Н. Жапаров |