Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2025-жылдын 8-августу № 478
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 14-декабрындагы № 678 "Иштин айрым түрлөрүн лицензиялоо маселелери жөнүндө" токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын өрт коопсуздугу жаатындагы мыйзамдарын системалаштыруу максатында, "Өрт коопсуздугу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, "Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 15-беренесинин 55-пунктуна, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 14-декабрындагы № 678 "Иштин айрым түрлөрүн лицензиялоо маселелери жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Иштин айрым түрлөрүн лицензиялоо жөнүндө жободо:
- 378, 379-пункттар төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"378. Өрткө каршы автоматика системаларын долбоорлоого, өрткө каршы автоматика каражаттарын монтаждоого, жөндөөгө жана оңдоого, материалдарды, буюмдарды жана конструкцияларды оттон коргоо боюнча иштерди жүргүзүүгө, коргоо объекттеринин өрт коопсуздугуна баалоо жүргүзүүгө, өрттүн келип чыгуу себептерин аныктоого лицензияны алуу үчүн арыз ээси төмөнкүдөй документтерди кошумча берет:
1) өрткө каршы автоматика системаларын долбоорлоого:
- бул Жобонун 4-тиркемесинин формасы боюнча лицензия изденүүчүнүн жана анын адистеринин квалификациясы жөнүндө маалыматты;
- штаттык же жалданма адистердин квалификацияларын ырастоо үчүн лицензия изденүүчү көчүрмөлөрдү түп нускаларды көрсөтүү менен (зарыл бөлгөн учурда) берүүгө тийиш: билими жөнүндө диплом, билими жөнүндө диплом жок болгон учурда квалификацияны жогорулатуунун атайын курстарын аяктагандыгын ырастоочу документ (беш жылдан ашык эмес); эмгек китепчелердин жана эмгек келишимдердин (эмгек макулдашуулардын) көчүрмөлөрүн;
2) өрткө каршы автоматика каражаттарын монтаждоого, жөндөөгө жана оңдоого, материалдарды, буюмдарды жана конструкцияларды оттон коргоо боюнча иштерди жүргүзүүгө:
- лицензия изденүүчү аткарууга ниеттенип жаткан жумуштардын жана (же) кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын контролдоо системасынын сыпаттамасын;
- бул Жобонун 4-тиркемесинин формасы боюнча лицензия изденүүчүнүн жана анын адистеринин квалификациясы жөнүндө маалыматты;
- штаттык же жалданма адистердин квалификацияларын ырастоо үчүн лицензия изденүүчү көчүрмөлөрдү түп нускаларды көрсөтүү менен (зарыл болгон учурда) берүүгө тийиш: билими жөнүндө диплом, билими жөнүндө диплом жок болгон учурда квалификацияны жогорулатуунун атайын курстарын аяктагандыгын ырастоочу документ (беш жылдан ашык эмес); эмгек китепчелердин жана эмгек келишимдердин (эмгек макулдашуулардын) көчүрмөлөрүн;
3) коргоо объекттеринин өрт коопсуздугуна баалоо жүргүзүүгө:
- бул Жобонун 4-тиркемесинин формасы боюнча лицензия изденүүчүнүн жана анын адистеринин квалификациясы жөнүндө маалыматты;
- штаттык же жалданма адистердин квалификацияларын ырастоо үчүн лицензия изденүүчү көчүрмөлөрдү түп нускаларды көрсөтүү менен (зарыл болгон учурда) берүүгө тийиш: "Өрт/Техносфера коопсуздугу" жаатындагы кесиптик жогорку билими жөнүндө диплом; эмгек китепчелердин жана эмгек келишимдердин (эмгек макулдашуулардын) көчүрмөлөрүн;
- тиешелүү кесиптик чөйрөдө 5 жылдан кем эмес иш тажрыйбасын ырастаган документти (объективдүү маалымат);
4) өрттүн келип чыгуу себептерин аныктоого:
- бул Жобонун 4-тиркемесинин формасы боюнча лицензия изденүүчүнүн жана анын адистеринин квалификациясы жөнүндө маалыматты;
- штаттык же жалданма адистердин квалификацияларын ырастоо үчүн лицензия изденүүчү көчүрмөлөрдү түп нускаларды көрсөтүү менен (зарыл болгон учурда) берүүгө тийиш: "Өрт/Техносфера коопсуздугу" жаатындагы кесиптик жогорку билими жөнүндө диплом; эмгек китепчелердин жана эмгек келишимдердин (эмгек макулдашуулардын) көчүрмөлөрүн;
- тиешелүү кесиптик чөйрөдө 5 жылдан кем эмес иш тажрыйбасын ырастаган документти (объективдүү маалымат);
- лицензия изденүүчүнүн тиешелүү чөйрөдөгү квалификациясын жана кесиптик көндүмдөрүн ырастоочу эксперттин компетенттүүлүгү жөнүндө маалыматтарды берүүгө;
- өрттүн келип чыгуу себептерин аныктоо үчүн зарыл болгон текшерилген жабдуулар менен белгиленген тартипте жабдылган менчик жана (же) ижарага алынган адистештирилген жайлар жөнүндө ушул Жобонун 3-тиркемесине ылайык маалыматты.
379. Өрткө каршы автоматика системаларын долбоорлоодо, өрткө каршы автоматика каражаттарын монтаждоодо, жөндөөдө жана оңдоодо, материалдарды, буюмдарды жана конструкцияларды оттон коргоо боюнча иштерди жүргүзүүдө, коргоо объекттеринин өрт коопсуздугуна баалоо жүргүзүүдө, өрттүн келип чыгуу себептерин аныктоодо лицензиялык талаптар болуп төмөнкүлөр саналат:
1) лицензиаттын өрт коопсуздугу жаатындагы жумуштардын жана (же) кызмат көрсөтүүлөрдүн лицензиялануучу түрлөрүн жүзөгө ашырууда пайдаланылуучу объекттеринин өрт коопсуздугунун талаптарына ылайык келиши;
2) лицензиат тарабынан өрт коопсуздугу жаатындагы жумуштардын жана (же) кызмат көрсөтүүлөрдүн лицензиялануучу түрлөрүн жүзөгө ашырууда өрткө каршы ченемдердин жана эрежелердин сакталышы;
3) лицензиат тарабынан аткарылуучу өрт коопсуздугу жаатындагы жумуштардын жана (же) кызмат көрсөтүүлөрдүн лицензиянын колдонуу чөйрөсүндө уруксат берилгендерге шайкештиги;
4) өрт коопсуздугу жаатындагы жумуштарды жана (же) кызмат көрсөтүүлөрдү өз убагында атайын курстарда окуудан же квалификациясын жогорулатуудан өткөн жана (же) жогорку же орто атайын билими бар адистердин аткаруусу;
5) өрткө каршы коргоонун автоматтык системасын долбоорлоо боюнча иштерди жүргүзүүдө метрологиялык сыноолордон өткөн жабдууларды жана өлчөө каражаттарын пайдалануу;
6) өрткө каршы коргоонун автоматтык системасын долбоорлоо боюнча иштерди жүргүзүүдө өрт коопсуздугу жаатында сертификаттоодон өткөн жабдууларды жана продукциянын өрткө каршы коргоо системаларын пайдалануу.".
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Эркин-Тоо" мамлекетик расмий газетасынын 2025-жылдын 15-августундагы № 61 (3717) жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.А. Касымалиев |