Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ
2025-жылдын 13-августу № 693-т
"Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:
Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги менен Кытай Эл Республикасынын Башкы бажы башкармалыгынын ортосундагы Кыргыз Республикасынан Кытай Эл Республикасына экспорттолуучу кургатылган жемиштерге инспекциялык, карантиндик жана санитардык талаптар жөнүндө протоколдун тиркелген долбооруна принциптүү эмес мүнөздөгү мүмкүн болуучу өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду эске алуу менен макулдук берилсин.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.А. Касымалиев |
|
| Долбоор |
Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги менен Кытай Эл Республикасынын Башкы бажы башкармалыгынын ортосундагы Кыргыз Республикасынан Кытай Эл Республикасына экспорттолуучу кургатылган жемиштерге инспекциялык, карантиндик жана санитардык талаптар жөнүндө ПРОТОКОЛ
Кыргыз Республикасынан Кытай Эл Республикасына экспорттолуучу кургатылган жемиштердин коопсуздугун камсыз кылуу, керектөөчүлөрдүн саламаттыгын, Кытай Эл Республикасынын айыл чарба өндүрүшүн жана экологиялык чөйрөсүн коргоо максатында, Дүйнөлүк соода уюмунун (ДСУ) Санитардык жана фитосанитардык чараларды колдонуу боюнча макулдашуусуна (СФС-макулдашуу) ылайык, тамак-аш азыктарынын коопсуздугун башкаруу системасын баалоонун жана фитосанитардык тобокелдиктерди талдоонун негизинде, Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги (мындан ары - "Кыргыз тарап" деп аталуучу) жана Кытай Эл Республикасынын Башкы бажы башкармалыгы (мындан ары - "Кытай тарап" деп аталуучу) достук сүйлөшүү жолу менен ушул Кыргыз Республикасынан Кытай Эл Республикасына экспорттолуучу кургатылган жемиштерге инспекциялык, карантиндик жана санитардык талаптар жөнүндө протоколду макулдашты жана кабыл алды.
1-берене.
Бул Протоколдо көрсөтүлгөн кургатылган жемиштер деп төмөнкүлөр саналат: Кыргыз Республикасында өстүрүлгөн өсүмдүктөрдүн мөмөлөрүнөн алынган жана тазалоо, кургатуу, сорттоо жана башка технологиялык процесстер аркылуу адамдын керектөөсү үчүн кайра иштетилген кургатылган кара өрүк (Prunus domestica), кургатылган өрүк (Prunus armeniaca), кургатылган алма (Malus domestica), кургатылган алмурут (Pyrus communis), кургатылган алча (Prunus cerasus), кургатылган жүзүм (Vitis L.), кургатылган коон (Cucumis melo), кургатылган жийде (Elaeagnus orientalis) жана кургатылган ит мурун (RosaL. species) (тиркемени кар.).
2-берене.
Кыргыз Республикасынан Кытай Эл Республикасына экспорттолуучу кургатылган жемиштер Кытай Эл Республикасынын тамак-аш азыктарынын коопсуздугу жана өсүмдүктөрдүн карантини боюнча тиешелүү мыйзамдарына жана эрежелерине, тамак-аш азыктарынын коопсуздугу боюнча улуттук стандарттарына жана ушул Протоколдун жоболоруна ылайык келиши керек.
Кыргыз Республикасынан Кытай Эл Республикасына экспорттолуучу кургатылган жемиштерде кытай тарапка фитосанитардык тобокелдик жараткан төмөнкү карантиндик зыяндуу организмдер камтылбашы керек (тиркемени кар.)
Кыргыз Республикасынан Кытай Эл Республикасына экспорттолуучу кургатылган жемиштерде тирүү курт-кумурскалар, курт-кумурскалардын жумурткалары, топурак жана отоо чөптөрдүн уруктары, өсүмдүк калдыктары, металл аралашмалары, кум жана башка булгай турган кошулмалары болбошу керек.
3-берене.
Кыргыз тарап Кытай Эл Республикасынын да, Кыргыз Республикасынын да тамак-аш азыктарынын коопсуздугунун талаптарына жана фитосанитардык талаптарына шайкеш келүүсүн, ошондой эле зыяндуу микроорганизмдер же уулуу жана зыяндуу заттар менен булганбоосун камсыз кылуу максатында Кытай Эл Республикасына экспорттолуучу кургатылган жемиштердин сырьёсун өстүрүүгө, өндүрүүгө, кайра иштетүүгө, сактоого, экспорттук ташууга контролду жана көзөмөлдү жүзөгө ашырат.
Кыргыз тарап Эл аралык азык-түлүк стандарттары - Тамак-аш азыктарынын импорттун жана экспорттун контролдоо жана сертификаттоо принциптери (CAC/GL 20-1995) сыяктуу эл аралык таанылган методдорго ылайык Кытайга экспорттолуучу кургатылган жемиштер үчүн тамак-аш азыктарынын коопсуздугунун тобокелдиктерине жыл сайын мониторинг жүргүзүү планын ишке ашырууга тийиш.
Кыргыз тарап кургатылган жемиштерди өндүрүүчү ишканалардын зыянкечтерге каршы күрөшүү, анын ичинде мониторинг, алдын алуу жана терип-жыйноодон кийинки иштетүү боюнча комплекстүү чараларды колдонуусун, тиешелүү жазууларды жүргүзүү менен контролдойт.
Кытай тараптын суроо-талабы боюнча Кыргыз тарап жогоруда аталган жыл сайын жүргүзүлүүчү мониторингдердин натыйжаларын берип турат.
4-берене.
Кыргызстандан Кытайга экспорттолуучу кургатылган жемиштердин мөмө-жемиштер үчүн чийки зат өсүмдүктөрдүн карантини жана тамак-аш азыктарынын коопсуздугу боюнча тиешелүү талаптарга жооп берген катары Кыргыз тарап тастыктаган жаңы жемиштерди өстүргөн жана өндүргөн ишканалардан келип түшүшү керек.
5-берене.
Кыргыз тарап Кытай тараптын импорттук тамак-аш азыктарын өндүрүүчү чет элдик ишканаларды каттоо талаптарына ылайык Кытайга экспорттолуучу кургатылган жемиштерди өндүрүүчү, кайра иштетүүчү жана сактоочу объекттерге инспекция жүргүзүүгө жана Кытай тарапка квалификациялуу ишканаларды сунуштоого тийиш. Ишкана каттоодон өткөндөн кийин гана өз продукциясын Кытайга экспорттой алат.
6-берене.
Кыргыз Республикасынан Кытай Эл Республикасына экспорттолуучу кургатылган жемиштер тамак-аш продукциясынын коопсуздук талаптарына жана фитосанитардык ченемдерге жооп берген, жаңы, таза, гигиеналык жана аба өткөрүп турган материалдарга таңгакталууга тийиш, мында ташуу учурундагы агып кетүүлөрдүн алдын алуу керек. Ар бир таңгакта төмөнкү маалыматтар кытай же англис тилдеринде жазылышы керек: "Бул продукция Кытай Эл Республикасына экспорттолууда", продукттун аталышы, чыгарылган жери, өндүрүүчү/кайра иштетүүчү ишкананын аталышы жана анын Кытайдагы каттоо номери, экспорттоочунун аталышы жана дареги, ошондой эле башка көзөмөлгө алынуучу маалыматтар. Аталган маалыматтар таңгакка этикетка түрүндө жазылышы мүмкүн.
7-берене.
Кыргыз тарап Кытай Эл Республикасына экспорттолуучу кургатылган жемиштерди ташууда колдонулган транспорт каражаттарын жөнөтүүдөн мурда инспекция жүргүзүүгө тийиш. Транспорт каражаттары санитардык талаптарга жооп бериши керек жана карантиндик зыянкечтерден же отоо чөптөрдүн уруктары, тирүү курт-кумурскалар, өсүмдүктөрдүн калдыктары, топурак жана башка булгануулар сыяктуу карантиндик чектөөлөр коюлган башка объекттерден таза болушу керек.
8-берене.
Эгерде карантиндик контролдоодо Кыргыз тарап Кытай Эл Республикасына экспорттоо үчүн арналган кургатылган жемиштерден Протоколдун 2-беренесинде саналып өткөн карантиндик зыяндуу организмдин кайсы бирин тапса, Кыргыз тарап өндүрүү, кайра иштетүү жана сактоо боюнча тиешелүү ишканалардан кургатылган жемиштерди экспорттоону дароо токтотууга, алдын алуунун жана контролдоонун комплекстүү чараларын көрүүгө жана бул тууралуу Кытай тарапка кабарлоого тийиш. Кытай тарап кургатылган жемиштердин талаптарга шайкештигин баалагандан кийин гана тиешелүү ишканалардан продукция Кытайга кайра экспорттолушу мүмкүн.
Кыргыз тараптан инспекциялык контролдоонун жүрүшүндө, эгерде экспорттолуучу кургатылган жемиштер Кытай Эл Республикасынын тамак-аш азыктарынын коопсуздугунун улуттук стандарттарына шайкеш эместиги аныктала турган болсо, тиешелүү продукцияны Кытай Эл Республикасына экспорттоого тыюу салынат.
9-берене.
Кыргыз Республикасынан Кытай Эл Республикасына экспорттолуучу кургатылган жемиштер жөнөтүүнүн алдында тирүү курт-кумурскалардын болушун жокко чыгаруу үчүн фумигациядан өтүүгө тийиш. Карантиндик тазалоо методдору (колдонулуучу химиялык заттар, температура, узактыгы жана башка техникалык параметрлер) фитосанитардык сертификатта көрсөтүлүүгө тийиш. Фумигациялык каражаттар жана тазалоо методу эки тарап менен тең макулдашылууга тийиш.
10-берене.
Экспорттоонун алдында Кыргыз тарап карап текшерүүдөн жана карантинден кийин Протоколдун талаптарына шайкеш келген Кытайга экспорттолуучу кургатылган жемиштерге фитосанитардык сертификат берет. Сертификаттын "Кошумча декларация" графасында өндүрүү жана кайра иштетүү ишканасынын аталышы жана Кытайдагы анын каттоо номери көрсөтүлөт, ошондой эле "Ушул фитосанитардык сертификат менен сертификатталган кургатылган жемиштер Кыргызстан менен Кытайдын ортосунда ________________ (датасы) ___________________ (жери) кол коюлган Кыргызстандан Кытайга экспорттолуучу кургатылган жемиштерди инспекциялоо, карантин жана аларга карата санитардык талаптар жөнүндө протоколдун жоболоруна шайкеш келет. Бул партия Кытай тарапты тынчсыздандырган карантиндик зыяндуу организмдерди камтыбайт" деген сөздөр жазылат.
Фитосанитардык сертификаттын маалыматтары жана форматы эки тарап менен тең алдын ала өз ара ырасталууга тийиш.
11-берене.
Кытай Эл Республикасына экспорттолгон кургатылган жемиштер кытай ташып кирүү пунктуна келгенден кийин Кытай Эл Республикасынын бажы органдары инспекциялоону жана карантиндик контролдоону жүргүзөт. Белгиленген талаптарга шайкеш келген продукцияны гана Кытай Эл Республикасына ташып кирүүгө уруксат берилет.
12-берене.
Эгерде Кыргыз Республикасынан Кытай Эл Республикасына экспорттолуучу кургатылган жемиштер Кытай Эл Республикасынын тамак-аш продукциясынын коопсуздугу жана өсүмдүктөрдүн карантини жөнүндө мыйзамдарына, тамак-аш продукциясынын коопсуздугунун улуттук стандарттарына, ошондой эле Протоколдун жоболоруна шайкеш келбесе, Кытай тарап КЭРдин мыйзамдарына ылайык чараларды көрөт жана бузуулар жана көрүлгөн чаралар жөнүндө Кыргыз тарапка кабарлайт.
Протоколдун 3 жана 8-беренелерине ылайык Кыргыз тараптан берилген маалыматтын, ошондой эле Кытайдын бажы органдары тарабынан жазып белгиленген кургатылган жемиштердин партияларындагы шайкеш келбестиктер жөнүндө маалыматтардын негизинде Кытай тарап тобокелдиктерди кайрадан баалоону жүргүзүшү мүмкүн. Зарыл болгон учурда Кытай тарап жеринде инспекцияларды жүргүзүү үчүн эксперттерди Кыргыз Республикасына жөнөтөт. Кыргыз тарап инспекцияларды жүргүзүү менен байланышкан чыгымдар үчүн, ошондой эле чакырууларды уюштуруу, сапарларды тариздөөгө көмөктөшүү жана текшерүүлөрдүн жүрүшүндө эксперттерди коштоп жүрүү үчүн жоопкерчилик тартат.
13-берене.
Эки тарап тең ушул Протокол алардын улуттук мыйзамдарын жана ченемдик актыларын колдонууну чектебей турганын жана аларды козгобой турганын тааныйт.
14-берене.
Бул Протоколду чечмелөө жана аткаруу учурунда келип чыккан бардык пикир келишпестиктер эки тараптын ортосундагы достук сүйлөшүүлөр жолу менен жөнгө салынат.
15-берене.
Протокол эки тараптын тең жазуу жүзүндөгү өз ара макулдашуусу боюнча өзгөртүлүшү же толукталышы мүмкүн.
16-берене.
Протокол кол коюлган датадан тартып күчүнө кирет жана 5 жыл бою жарактуу бойдон калат. Бул мөөнөт аяктагандан кийин, эгерде тараптардын бири анын колдонулушун токтотуу ниети жөнүндө жазуу жүзүндө экинчи тарапка билдирбесе, анын колдонулушу автоматтык түрдө кийинки 5 жылга узартылат. Мындай кабарлама болгон учурда Протокол экинчи тарап аны алган датадан тартып 6 айдан кийин күчүн жоготот.
Протоколго _______________ "___" ______________ кытай, англис, кыргыз жана орус тилдеринде эки нускада кол коюлган, мында бардык тексттер бирдей юридикалык күчкө ээ. Протоколдун версияларынын ортосунда айырмачылыктар болгон учурда англис тилиндеги текст артыкчылыктуу деп эсептелет.
Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги үчүн |
| Кытай Эл Республикасынын Башкы бажы башкармалыгы үчүн |
_____________________________________ |
| _____________________________________ |
|
| Тиркеме |
Кыргыз Республикасынан Кытай Эл Республикасына экспорттолуучу кургатылган жемиштердин тизмеги жана кытай тарапка фитосанитардык коркунуч жараткан карантиндик зыяндуу организмдердин ТИЗМЕГИ
№ | Продукттун аталышы | Ботаникалык аталышы | Карантиндик зыяндуу организмдер (илимий аталышы) |
1 | Кургатылган кара өрүк | Prunus domestica | Nemapogon granella L (Кампа күбөсү) |
Cydia pomonella (Алмачыл шайтан көпөлөк) | |||
Rhynchites bacchus (Мөмө казаркасы) | |||
Eurytoma amygdali (Мөмө бадам аарысы) | |||
Hyphantria cunea (Америка ак көпөлөгү) | |||
Caulophilus oryzae Gill (Шалычыл кең тумшуктуу шиштумшук) | |||
Verticillium dahliae (Вертициллездик солуу) | |||
Erwinia amylovora (Мөмө берүүчү өсүмдүктөрдүн бактериялык күйүшү) | |||
2 | Кургатылган өрүк | Prunus armeni аса | Nemapogon granella L (Кампа күбөсү) |
Cydia pomonella (Алмачыл шайтан көпөлөк) | |||
Caulophilus oryzae Gill (Шалычыл кең тумшуктуу шиштумшук) | |||
Verticillium dahliae (Вертициллездик солуу) | |||
3 | Кургатылган алма | Malus domestica | Nemapogon granella L (Кампа күбөсү) |
Cydia pomonella (Алмачыл шайтан көпөлөк) | |||
Rhynchites bacchus (Мөмө казаркасы) | |||
Caulophilus oryzae Gill (Шалычыл кең тумшуктуу шиштумшук) | |||
Verticillium dahliae (Вертицшлездик солуу) | |||
Tobacco ringspot virus, TRSV (Тегерек тактуу тамеки вирусу) | |||
4 | Кургатылган алмурут | Pyrus communis | Nemapogon granella L (Кампа күбөсү) |
Cydia pomonella (Алмачыл шайтан көпөлөк) | |||
Caulophilus oryzae Gill (Шалычыл кең тумшуктуу шиштумшук) | |||
5 | Кургатылган алча | Prunus cerasus | Nemapogon granella L (Кампа күбөсү) |
Rhagoletis cerasi(L.) (Алча чымыны) | |||
Cydia pomonella (Алмачыл шайтан көпөлөк) | |||
Caulophilus oryzae Gill (Шалычыл кең тумшуктуу шиштумшук) | |||
Verticillium dahliae (Вертициллездик солуу) | |||
Plum pox virus (Кара өрүк чечек вирусу) | |||
Tobacco ringspot virus, TRSV (Тегерек тактуу тамеки вирусу) | |||
6 | Кургатылган жүзүм | Vitis L | Nemapogon granella L (Кампа күбөсү) |
Caulophilus oryzae Gill (Шалычыл кең тумшуктуу шиштумшук) | |||
Verticillium dahliae (Вертициллездик солуу) | |||
Tobacco ringspot virus, TRSV (Тегерек тактуу тамеки вирусу) | |||
7 | Кургатылган коон | Cucumis melo | Nemapogon granella L (Кампа күбөсү) |
Caulophilus oryzae Gill (Шалычыл кең тумшуктуу шиштумшук) | |||
Verticillium dahliae (Вертициллездик солуу) | |||
Verticillium albo-atrum Reinke et Berthold (Өсүмдүктөрдүн вертициллездук солуусу) | |||
Tobacco ringspot virus, TRSV (Тегерек тактуу тамеки вирусу) | |||
8 | Кургатылган жийде | Elaeagnus orientalis | Nemapogon granella L (Кампа күбөсү) |
Caulophilus oryzae Gill (Шалычыл кең тумшуктуу шиштумшук) | |||
Verticillium dahliae (Вертициллездик солуу) | |||
9 | Кургатылган ит мурун | Rosa L. species | Nemapogon granella L (Кампа күбөсү) |
Diaspidiotus perniciosus (Калифорния калканчыгы) | |||
Caulophilus oryzae Gill (Шалычыл кең тумшуктуу шиштумшук) |