Загрузка документа…
АК-БАШАТ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
2025-жылдын 29-августу № 21
Ак-Башат айыл аймагынын аймагында калктын тынчтыгын жана бейпилдигин камсыз кылуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын 2024-жылдын 6-декабрындагы № 194 “Тынчтык жөнүндө” Мыйзамынын талаптарын так аткаруу максатында, Ак-Башат айылдык кенеш токтом кылат :
Калктын эс алуусун камсыз кылуу максатында тынчтыкты бузуудан корголууга тийиш болгон жайлардын жана аймактардын мөөнөттөрүн белгилөө :
- көп батирлүү үйлөр, мейманканалар, отелдер, жатаканалар жана турак үйлөргө тийиштүү аймактар;
- жеке турак үйлөрдү куруу зоналары;
- билим берүү жана саламаттык сактоо уюмдарынын, ошондой эле социалдык, реабилитациялык, санаториялык-курорттук кызматтарды көрсөтүүчү уюмдардын аймактары жана жайлары;
- жарандарды убактылуу жайгаштыруу жана (же) убактылуу туруусун камсыз кылуу боюнча кызматтарды көрсөтүүчү уюмдардын аймактары жана жайлары.
2. Ушул беренеде белгиленген убакыт аралыгында корголууга тийиш болгон аймактарда жана жайларда жарандардын тынчтыгын жана бейпилдигин бузуучу аракеттерге төмөнкүлөр кирет:
- телевизорлорду, радиокабылдагычтарды жана башка үндү кайталап чыгаруучу түзүлүштөрдү, ошондой эле үн басымынын жана ызы-чуунун жол берилген деңгээлинен ашкан үндү күчөтүүчү түзүлүштөрдү, анын ичинде транспорт каражаттарында, соода объектилеринде (дүкөндөрдө, күркөөлөрдө, павильондордо, лотоктордо), көңүл ачуучу жана оюн-зоок жайларында (түнкү клубдар, караоке, дискотекалар) жана коомдук тамактануу жайларында (кафелер, ресторандар, барлар, ашканалар) орнотулган түзүлүштөрдү пайдалануу;
- музыкалык аспаптарда ойноо, ышкыруу, ырдоо, ошондой эле үн басымынын жана ызы-чуунун жол берилген деңгээлинен ашкан үн менен коштолгон башка аракеттерди жасоо;
- тартип бузуучулар тарабынан иштетилген күзөт сигнализациясынын, транспорт каражаттарынын сигнализациясынын үн чыгаруусун өчүрүү боюнча өз убагында чара көрбөгөндүк, транспорт каражатынын жардамы менен үн сигналдарын зарыл болбосо да пайдалануу же эс алуу учурунда тынчтыкты бузууга алып келген башка ызы-чуу таасирлерин жаратуу;
- пиротехникалык каражаттарды пайдалануу;
- адамдардын эс алуу учурунда тынчтыгын бузууга алып келген оңдоп-түзөө, жүк түшүрүү-жүктөө (анын ичинде көчүү, эмеректерди жылдыруу), тазалоо жана башка иштердин түрлөрүн жүргүзүү, механикалык каражаттарды жана техникалык түзүлүштөрдү иштетүү;
- белгиленген убакытта корголууга тийиш болгон аймактарда жана жайларда жарандардын тынчтыгын жана бейпилдигин бузууга алып келген башка аракеттер.
3. Төмөнкү убакыт аралыгында үн басымынын жана ызы-чуунун белгиленген деңгээлдеринен ашууга жол берилбейт:
- жумуш күндөрү - саат 22:00дөн 07:00гө чейин;
- дем алыш жана майрам күндөрү - саат 22:00дөн 09:00гө чейин.
4.Ак-Башат айыл аймагынын аймагындагы бардык салтанаттуу иш-чараларды милдеттүү түрдө бүтүрүү жана ресторандардын жана банкеттик залдардын ишин саат 22-00дөн кечиктирбестен толук токтотуу белгиленсин, өзүнчө жоболор боюнча иштеген атайын бөлүнгөн жана лицензиясы бар концерттик жайларды кошпогондо (мисалы, башкарылычуу үн өткөрбөйт жана атайын кирүү режими бар жабык сахналык комплекстер).
5. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө милдети Ак-Башат айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы К.Б. Азаматовго жүктөлсүн.
Айылдык кеңештин төрагасы | И.С.Рыскулов |