Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ
2025-жылдын 14-августу № 700-т
Мамлекеттик ички жол-жоболорду аткаруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 65-беренесинин 2-бөлүгүнө, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:
1. 1982-жылдын 10-декабрында Монтего-Бэйде кабыл алынган Бириккен Улуттар Уюмунун Деңиз укугу боюнча конвенциясына Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин тиркелген корутундусу жактырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги жана Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги ушул тескеменин 1-пунктунда көрсөтүлгөн Конвенцияны ишке ашырууга жооптуу ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган болуп аныкталсын.
3. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин тиркелген корутундусу Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жиберилсин.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.А. Касымалиев |
|
| Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 14-августундагы № 700-т тескемеси менен жактырылган |
1982-жылдын 10-декабрында Монтего-Бэйде кабыл алынган Бириккен Улуттар Уюмунун Деңиз укугу боюнча конвенциясына Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин КОРУТУНДУСУ
1982-жылдын 10-декабрында Монтего-Бэйде кабыл алынган Бириккен Улуттар Уюмунун Деңиз укугу боюнча конвенциясы (мындан ары - Конвенция) дүйнөлүк океанды пайдаланууга карата мамлекеттердин укуктарын жана милдеттерин жөнгө салган эл аралык келишим болуп саналат. Конвенция 1994-жылдын 16-ноябрында, БУУнун Башкы Ассамблеясынын 1994-жылдын 23-июнундагы № 48/263 резолюциясы күчүнө кирген.
Конвенциянын максаты ачык деңизде кемечилик эркиндигин, деңизге түз чыга албаган мамлекеттерге деңизге кирүү укугун, чет мамлекеттердин аймактык суулары аркылуу деңиз кемелеринин тынч өтүү укугун, эл аралык кемечилик, айлана-чөйрөнү коргоо жана эл аралык кызматташтык үчүн колдонулган кысыктар аркылуу кемелердин жана учуучу аппараттардын тоскоолдуксуз өтүү укугун камсыз кылуу болуп саналат.
Конвенция деңиз мейкиндиктерин пайдалануу жана башкаруунун укуктук негиздерин, анын ичинде эгемендүүлүк, кемечилик эркиндиги, деңиз чөйрөсүн коргоо, балык чарбасын жөнгө салуу, ошондой эле деңиз ресурстарын чалгындоо жана пайдалануу маселелерин аныктайт.
Конвенцияга кошулуу үчүн деңиз транспорту жүзөгө ашыруучу эл аралык соода жүргүзүүгө Кыргыз Республикасынын уруксат алуусу үчүн укуктук негиз түзөт.
Ачык деңиз (эл аралык суулар) - бул кайсы бир мамлекеттин же мамлекеттердин эгемендүүлүгүнө жайылтылбаган жана бардык элдердин жалпы жана тең укуктуу пайдалануусунда турган аймактык деңиздин тышкы чегинен тышкары жайгашкан деңиз мейкиндиги.
Ачык деңиз эркиндиктери абсолюттук эмес жана Конвенцияда белгиленген шарттарга ылайык жүзөгө ашырылат. Мында кемечилик эркиндиги жээктеги мамлекеттердин да, деңизге чыга албаган мамлекеттердин да желектери бар кемелер эл аралык деңиз ташууларына жана ачык деңиздеги кемечиликке катышуу укугун алуу деген билдирет.
Конвенцияга кошулуу менен Кыргыз Республикасынын желеги астында кемелерди каттоо менен алектенүү мүмкүнчүлүгү пайда болот, бул деңизде сүзүү ишинин катышуучуларына салыктарды төлөөнү жана башка жеңилдиктерди алууну жеңилдетет.
Конвенция транзит жана деңиз портторуна жетүү менен байланышкан эл аралык талаш-тартыштарды жөнгө салуу механизмдерин карайт, бул Кыргыз Республикасына өзүнүн экономикалык кызыкчылыктарын натыйжалуу коргоого, эл аралык деңиз каттамдарын орнотууга жана колдоого катышууга мүмкүндүк берет жана эл аралык суулар менен байланышкан талаш-тартыштар же чыр-чатактар болгон учурда коргоого өбөлгө түзөт.
Кыргыз Республикасынын Конвенцияга кошулуусу мамлекеттик бюджеттен кошумча чыгымдарды талап кылбайт.
Мамлекеттик органдардын потенциалын чыңдоого жана улуттук мыйзамдарды Конвенциянын жоболоруна ылайык келтирүүгө байланыштуу мүмкүн болуучу чыгымдар көп тараптуу эл аралык өнөктөштөрдүн финансылык жана техникалык колдоосу аркылуу жабылат, бул Кыргыз Республикасынын милдеттенмелерин улуттук бюджетке жүктү көбөйтпөстөн натыйжалуу ишке ашырууга шарт түзөт.
Конвенция Кыргыз Республикасынын Конституциясынын ченемдерине ылайык келет жана Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдердин ченемдерине каршы келбейт.
Кыргыз Республикасынын көрсөтүлгөн Конвенцияга кошулуусу кандайдыр бир терс финансылык-экономикалык жана башка кесепеттерге алып келбейт.