Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ
2025-жылдын 18-сентябры ПЖ № 261
Мамлекеттин жарандар менен өз ара эсептешүүлөрүнүн бирдиктүү автоматташтырылган системасын иштеп чыгуу жана ишке киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасында накталай эмес төлөмдөрдүн жана эсептешүүлөрдүн үлүшүн көбөйтүү, мамлекеттин жарандар менен өз ара эсептешүүлөрүнүн айкындыгын жана натыйжалуулугун жогорулатуу, санариптик финансылык чечимдердин жеткиликтүүлүгүн кеңейтүү максатында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 71-беренесин жетекчиликке алып, токтом кылам:
1. “Элдик Банк” ачык акционердик коомуна мамлекет менен жарандын өз ара эсептешүүлөрүнүн натыйжалуу механизмин камсыз кылган бирдиктүү төлөм инфраструктурасын түзүүнү эске алуу менен “Түндүк” ведомстволор аралык электрондук өз ара аракеттенүү системасы аркылуу өз ара эсептешүүлөрдүн бирдиктүү автоматташтырылган системасын иштеп чыгуу сунушталсын.
2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети алты айлык мөөнөттө ушул Жарлыкты натыйжалуу ишке ашырууну камсыз кылган бардык зарыл уюштуруу, ченемдик жана техникалык чараларды көрсүн.
3. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкына зарыл болгон учурда ушул Жарлыкты ишке ашырууга багытталган Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын ченемдик укуктук актыларына тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизүү сунушталсын.
4. Бул Жарлыктын аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
5. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
| С.Н. Жапаров |