Редакцияот 26.08.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ОРОЗБЕКОВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Орозбеков айылдык кеңешинин кезексиз тогузунчу сессиясы

 

2025-жылдын 26-августу № 55

Орозбеков  айыл өкмөтүнүн 2026-2027-2028-жылдарга бекитилүүчү     жергиликтүү бюджетинин божомолдуу долбоорунун киреше бөлүгүнүн көлөмүн бекитүү жөнүндө.

  Күн тартибиндеги маселени карап, талкуулап “Кыргыз Республикасынын Бюджеттик Кодексинин 78-беренесине,  Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 34-беренесинин 2-пунктуна жана айылдык кеңештин бюджет жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын чечимине негиз Орозбеков айылдык кеңешинин сессиясы токтом кылат:

1. Орозбеков  айыл өкмөтүнүн 2026-2027-2028-жылдарга карата жергиликтүү бюджетинин божомолдуу долбоорунун киреше бөлүгүнүн көлөмү 2026-жылга 34 505,6миң сом, 2027-жылга 38 506,3 миң сом, 2028-жылга 42 813,1 миң сом болуп бекитилсин.

2. Токтомдун аткарылышын камсыздоо айыл өкмөтүнө тапшырылсын.

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин бюджет жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

    

 

Төрага

К.Каримов