Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2025-жылдын 18-сентябры № 589
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 23-июлундагы № 520 “Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Казыналык системасында мамлекеттик бюджеттин кирешелерин эсепке алууну жана бөлүштүрүүнү жүргүзүү тартиби жөнүндө нускаманы бекитүү тууралуу” токтомун күчүн жоготту деп таануу жөнүндө
Актуалдуулугун жоготкондугуна байланыштуу, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 23-июлундагы № 520 “Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Казыналык системасында мамлекеттик бюджеттин кирешелерин эсепке алууну жана бөлүштүрүүнү жүргүзүү тартиби жөнүндө нускаманы бекитүү тууралуу” токтому күчүн жоготту деп таанылсын.
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.А. Касымалиев |