Загрузка документа…
КАРА-БУУРА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
2022-жылдын 5-декабры № 1
Спорттук комплексин куруу үчүн акысыз убактылуу жер тилкесин берүү жөнүндө
Кара-Буура айыл аймагынын Кызыл-Адыр айылынын спорттук комплекске болгон муктаждыгын жабуу максатында, Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 14 статьясын жетекчилике алып Кара-Буура айылдык кеңеши
токтом кылат
1. Кызыл-Адыр айылын аралап өткөн Суусамыр-Талас-Тараз авто жолунун түштүк тарабындагы №377/9,2 чөйрө сызыгында жайгашкан 5563,75 м.кв. жер тилкесине Абилдаев Болот Ералхановичге бир жылдык мөөнөткө спорттук комплексин курууга уруксат берилсин.
2. Кара-Буура райондук шаар куруу жана архитектура боюнча башкармалыгына спорттук комплекстин имаратын курууга архитектуралык уруксат кагаздарын берүү жагы тапшырылсын.
3. Спорттук комплексин куруу иштери жеке-өнөктөш тарабынан каржыланаары каралсын.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөл кылуу жагын айыл өкмөт башчысы Б.М.Стамкуловго милдеттендирилсин.
Төрага | М. А. Джумагулов |