Загрузка документа…
КАРА-БУУРА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
Кара-Буура айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги XXIII сессиясы
2022-жылдын 26-сентябры № 2
Муниципалдык менчиктеги жер тилкесин мөөнөтсүз пайдаланууга бөлүп берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Президенттинин Администрациясынын 2022-жылдын 24-июнундагы №18/25496 сандуу катынын негизинде Кара-Буура райондук мамлекеттик администрация башчысы-акимдин биринчи орун басары Ш.Тургуновдун 02.09.2022-жылындагы №01-39/621 сандуу кайрылуу катын жана 2022-жылдын 23-сентябрындагы Кара-Буура айылдык кеңешинин “Муниципалдык менчик, айыл чарба жана суу чарба иштери боюнча” туруктуу комиссиясынын корутундусун сессияда талкуулап, Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 18-статьясын жана 25-статьясын жетекчиликке алып Кара-Буура айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кызыл-Адыр айылынын Кожомуратов көчөсүндөгү муниципалдык менчиктеги жерден КР Президентинин иш башкармалыгына өткөзүлүп берилген 0,80 га жер тилкеси Кара-Буура айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигине кайтарылып берилсе, Кызыл-Адыр айылындагы Кара-Буура райондук аскер комиссариатынын түштүк тарабындагы муниципалдык жерден 0,68 га жер тилкеси КР Президентинин иш башкармалыгына алмашуу жолу менен өткөрүлүп берилсин.
2. Токтомдун аткарылышы Кара-Буура айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Стамкуловго тапшырылсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Кара-Буура айылдык кеңешинин “Муниципалдык менчик, айыл чарба жана суу чарба иштери боюнча” туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага |
| М. А. Джумагулов |