Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ
2025-жылдын 18-августу № 709-т
"Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 8-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Казакстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Кыргыз Республикасынын жана Казакстан Республикасынын жарандык багыттагы радиокызматтары тарабынан колдонулуучу чек арага жакын зоналарда радиожыштык ыйгарууларын координациялоо жөнүндө макулдашуунун тиркелген долбоору жактырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын санариптик өнүктүрүү жана инновациялык технологиялар министрине жогоруда аталган Макулдашуунун долбооруна принциптүү эмес мүнөздөгү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү укугу менен Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин атынан кол коюуга ыйгарым укук берилсин.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.А. Касымалиев |
|
| Долбоор |
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Казакстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Кыргыз Республикасынын жана Казакстан Республикасынын жарандык багыттагы радиокызматтары тарабынан колдонулуучу чек арага жакын зоналарда радиожыштык ыйгарууларын координациялоо жөнүндө МАКУЛДАШУУ
Мындан ары "Тараптар" деп аталуучу Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жана Казакстан Республикасынын Өкмөтү,
байланыш жаатындагы кызматташтыкты өнүктүрүүнү каалап, 1997-жылдын 8-апрелиндеги Кыргыз Республикасы менен Казакстан Республикасынын ортосундагы Түбөлүк достук жөнүндө келишимди жана 2003-жылдын 25-декабрындагы Кыргыз Республикасы менен Казакстан Республикасынын ортосунда союздаш мамилелер жөнүндө келишимди жетекчиликке алуу менен,
радиобайланыш, телекөрсөтүү жана радиоуктуруу кызмат көрсөтүүлөрүнө болгон суроо-талап темптерин эске алып,
Тараптардын мамлекеттеринин радиокызматтарына зыяндуу өз ара тоскоолдуктарды болтурбоо үчүн 29,7 МГц жана андан жогору радиожыштыктар тилкесинде радиожыштык ыйгарууларын координациялоону зарыл деп эсептөө менен,
Эл аралык электр байланыш бирлигинин Радиобайланыш регламентине ылайык иш алып баруу менен, төмөнкүлөр жөнүндө макулдашты:
1-берене.
Ушул Макулдашууда төмөнкү терминдер төмөнкүлөрдү билдирет:
Байланыш администрациясы - 1992-жылдын 22-декабрындагы Эл аралык электр байланыш бирлигинин уставы боюнча милдеттенмелерди аткарууга жооптуу болгон Тараптардын мамлекеттеринин ыйгарым укуктуу органдары;
чек аралык координациялык зона (мындан ары - чек ара зонасы) - Тараптардын мамлекеттеринин чек арага жакын региондорундагы аймак, анда радиоэлектрондук каражаттар Тараптардын ыйгарым укуктуу органдарынын ортосунда түзүлө турган Радиожыштык ыйгарууларын координациялоонун техникалык негиздерине, ошондой эле Эл аралык электр байланыш бирлигинин жана байланыш жаатындагы Региондук шериктештиктин документтеринде көрсөтүлгөн критерийлерге ылайык экинчи Тарап менен милдеттүү түрдө координациялоону талап кылат;
радиожыштык ыйгарууларын координациялоо - бул радиоэлектрондук каражаттардын радиожыштык ыйгарууларынын мүнөздөмөлөрүнө ылайык экинчи Тараптын мамлекетинин радиоэлектрондук каражаттарын орнотууга жана пайдаланууга Тараптардын биринин макулдугун алуу жол-жобосу;
техникалык негиздер - Тараптардын мамлекеттеринин мыйзамдарына ылайык ушул Макулдашуунун алкагында Тараптардын ыйгарым укуктуу органдарынын ортосунда түзүлүүчү радиокызматтарга радиожыштык ыйгарууларын координациялоо боюнча же радиожыштыктардын айрым тилкелерин пайдалануу боюнча макулдашуу.
2-берене.
1. Тараптардын мамлекеттеринин байланыш администрациялары (мындан ары - Тараптардын ыйгарым укуктуу органдары) ушул Макулдашууну ишке ашыруу боюнча иш-аракеттерди контролдоо жана координациялоо үчүн жооптуу болуп саналат:
кыргыз тараптан - Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү жана инновациялык технологиялар министрлиги;
казакстан тараптан - Казакстан Республикасынын Санариптик өнүктүрүү, инновациялар жана аэрокосмостук өнөр жай министрлиги.
Тараптардын ыйгарым укуктуу органдарынын аталыштары өзгөргөн же алардын функциялары өткөрүлүп берилген учурда Тараптар бул тууралуу бири-бирине дипломатиялык каналдар аркылуу кабарлайт.
2. Ушул Макулдашууну аткаруу максатында Тараптардын ыйгарым укуктуу органдары:
- ушул Макулдашуунун алкагында жол-жоболук механизмдерди аныктайт;
- Тараптардын ыйгарым укуктуу органдары тарабынан тиешелүү макулдашууга кол коюу жолу менен кабыл алынган Техникалык негиздерди иштеп чыгат;
- күтүлбөгөн зыяндуу тоскоолдуктар келип чыккан учурда чечүү методдорун аныктайт жана чараларды көрөт;
- улуттук маалымат базаларынан радиожыштык спектрин башкаруу жана пайдалануу боюнча тиешелүү маалыматтарды алмашууну жүзөгө ашырат;
- ушул Макулдашууну ишке ашыруу боюнча башка иш-аракеттерди жүзөгө ашырат.
3-берене.
Тараптар ушул Макулдашуунун жоболоруна ылайык Тараптардын мамлекеттеринин чек арага жакын региондорундагы жердеги радиокызматтарынын станцияларынын 29,7 МГц жана андан жогору радиожыштыктар тилкесинде радиожыштык ыйгарууларын координациялоо маселелеринде кызматташат.
4-берене.
1. Ушул Макулдашууга ылайык Тараптар жердеги жарандык багыттагы радиокызматтардын станцияларынын радиожыштык ыйгарууларын координациялоону жүзөгө ашырат.
Ушул Макулдашуунун жоболору Тараптардын ыйгарым укуктуу органдарынын юрисдикциясы жайылтылбаган жердеги радиокызматтардын ишин жөнгө салбайт.
2. Эгерде алар чектеш Тараптын мамлекетинин чек арага жакын аймагында жайгашкан станцияларга Тараптардын ыйгарым укуктуу органдарынын ортосунда түзүлө турган Техникалык негиздерде аныкталуучу жол берилген деңгээлден ашкан талаанын чыңалуусу бар зыяндуу тоскоолдук жаратса, чек арага жакын зоналарда жайгашкан станциялардын, ошондой эле чек арага жакын зоналардын чегинен тышкары айрым станциялардын радиожыштык ыйгаруулары ушул Макулдашуунун 3-беренесинде көрсөтүлгөн радиожыштыктар тилкесинде координацияланууга тийиш.
Тараптардын ыйгарым укуктуу органдарынын ортосунда түзүлө турган Техникалык негиздерде аныкталуучу талаанын чыңалуусунун максималдуу жол берилген деңгээлинен ашып кеткендиги үчүн радиобайланыш кызматынын ишинин сапатынын начарлашына алып келген же бул кызматтын иштөөсүн бир нече жолу үзгүлтүккө учураткан же болбосо токтоткон ар кандай нурлануу зыяндуу тоскоолдук деп таанылат.
3. Эгерде аларды тоскоолдуктардан коргоо талап кылынса, Тараптар чек арага жакын зоналардын кабыл алуу станцияларынын радиожыштык ыйгарууларын координациялоону да жүзөгө ашырат.
5-берене.
1. Тараптар радиожыштыктардын төмөнкү категорияларын аныктайт:
1) башка Тарап менен алдын ала координациялоосуз кайсы болбосун Тараптын ыйгарым укуктуу органы тарабынан өзгөчө же артыкчылыктуу негизде дайындалган (ыйгарылган) артыкчылыктуу радиожыштыктар. Мында Тараптардын ыйгарым укуктуу органдарынын ортосунда түзүлө турган Техникалык негиздерде аныкталган станциянын мүнөздөмөлөрү колдоого алынууга тийиш. Артыкчылыктуу радиожыштыктар Тараптардын мамлекеттеринин чек арага жакын зонасынын аймагында каалаган чекитте жайгашкан станцияларга дайындалат (ыйгарылат);
2) эки Тарап тең биргелешип пайдалана ала турган жана Тараптардын ыйгарым укуктуу органдары тарабынан алдын ала координациялоосуз коопсуздукту камсыз кылуу кызматтарынын жарандык каналдары (бажы органдарынын, ички иштер органдарынын, улуттук коопсуздук, өзгөчө кырдаалдар органдарынын биргелешкен байланыш каналдары) катары дайындала турган айкалышкан радиожыштыктар. Мында Тараптардын ыйгарым укуктуу органдарынын ортосунда түзүлө турган Техникалык негиздерде аныкталган станциянын мүнөздөмөлөрү колдоого алынат;
3) Тараптардын ыйгарым укуктуу органдарынын ортосунда алдын ала ийгиликтүү координациялангандан кийин гана алар дайындалышы (ыйгарылышы) мүмкүн болгон координацияланган радиожыштыктар;
4) чоң капиталдык салымдарды талап кыла турган, пайдаланууга берүүнүн узак мөөнөттөрүнө ээ, бирок координацияланган жана бекитилген жыштык-аймактык пландардын натыйжасында гана түзүлүшү мүмкүн болгон байланыш тармактарын (мисалы, уюлдук байланыш тармактары, радио уктуруу, радиорелейлик линиялар ж.б.) өнүктүрүү үчүн Тараптардын ыйгарым укуктуу органдарынын ортосунда координацияланууга тийиш болгон пландаштырылган байланыш тармактары үчүн радиожыштыктар.
Координацияланган радиожыштыктарды жана пландаштырылган байланыш тармактары үчүн радиожыштыктарды дайындоо (ыйгаруу) Тараптардын ыйгарым укуктуу органдарынын ортосунда алдын ала жүргүзүлгөн координациялоонун шарттарында жүзөгө ашырылат.
2. Станцияларга айрым станциялар үчүн сыяктуу эле пландаштырылган байланыш тармактары үчүн да артыкчылыктуу, айкалыштырылган жана координацияланган категориялардан радиожыштыктарды ыйгаруу Тараптардын ыйгарым укуктуу органдары тарабынан өз ара макулдуктун негизинде жүзөгө ашырылган катары каралат.
Тараптардын ар биринин бардык жыштык ыйгаруулары координацияланган деп эсептелет:
1) Жыштыктардын эл аралык маалымдама регистринде катталган жана Эл аралык электр байланыш бирлигинин жумалык циркулярынын экинчи бөлүгүндө жарыяланган;
2) СССР болуп турган мезгилде борборлоштурулуп дайындалган;
3) ушул Макулдашуу күчүнө кирген учурга чейин эки Тараптын тең Байланыш администрациялары тарабынан координацияланган;
4) Эл аралык электр байланыш бирлигинин Дүйнөлүк радиобайланыш конференцияларында бекитилген пландарына киргизилген Тараптардын радиожыштык ыйгаруулары.
Ушул Макулдашууга кол коюлган учурда Эл аралык электр байланыш бирлигинин биринчи жумалык циркулярынын бөлүгүндө жарыяланган Тараптардын жыштык ыйгарууларына өтүнмөлөр ушул Макулдашуунун жоболоруна ылайык координацияланууга тийиш.
3. Тараптардын ар биринде ушул берененин 1-пунктунда көрсөтүлгөн категориялардагы радиожыштык ыйгарууларынын/станцияларынын тизмеси болууга жана жүргүзүлгөн координациялоонун негизинде аларды актуалдаштырууга тийиш.
Тараптар координацияланган радиожыштык ыйгарууларынын/станцияларынын тизмелерин макулдашылган форма боюнча алмашат. Тизмелер чек арага жакын зоналарда жайгашкан радиожыштык ыйгарууларынын/станцияларынын же бул зоналарда тоскоолдук кылган радиожыштык ыйгарууларынын/станцияларынын мүнөздөмөлөрүн камтыйт.
Тараптардын координацияланган радиожыштык ыйгарууларынын/станцияларынын тизмелери Тараптардын ыйгарым укуктуу органдарынын эксперттеринин кеңешмелеринде такталууга тийиш.
4. Тараптардын ыйгарым укуктуу органдары ушул Макулдашуунун 3-беренесинде көрсөтүлгөн радиожыштыктар тилкелериндеги Тараптардын иштеп жаткан станцияларынын ортосундагы мүмкүн болгон тоскоолдук жагдайларын карайт жана аларды жоюу боюнча чараларды көрөт.
6-берене.
1. Ар бир конкреттүү учурда маалыматты берүү Тараптардын ыйгарым укуктуу органдарынын чечими боюнча (почта жана/же электрондук почта аркылуу) жүзөгө ашырылат.
2. Тараптар ушул Макулдашуунун 5-беренесинин 3-пунктунда көрсөтүлгөн радиожыштыктардын тизмелерин, ошондой эле координациялоо маселелери боюнча кат алышууларды жана экинчи Тараптын радиожыштык ыйгаруулары боюнча маалыматты анын жазуу жүзүндөгү макулдугусуз үчүнчү тарапка бербөөгө жана ачыкка чыгарбоого милдеттенет.
3. Тараптар кызматташуунун жүрүшүндө алынган маалыматтын корголушун камсыз кылат. Маалыматты коргоо Тараптардын мамлекеттеринин мыйзамдарына ылайык камсыз кылынат.
7-берене.
1. Радиожыштык ыйгарууларын координациялоодо Тараптар Тараптардын ыйгарым укуктуу органдарынын ортосунда түзүлө турган Техникалык негиздерди колдонот.
Ушул Макулдашуунун колдонулушу жайылтылган станцияларды башка радиобайланыш кызматтарынын нурланууларынан коргоо максатында өз ара тоскоолдуктарды эсептөөлөр кабыл алынган стандарттарга, ошондой эле Тараптардын мамлекеттери катышуучулары болуп саналган эл аралык уюмдардын макулдашууларына жана сунуштарына негизделүүгө тийиш.
2. Радиожыштыктарды ыйгарууда ар бир Тарап радиожыштык спектрин сарамжалдуу жана натыйжалуу пайдаланууга умтулууга жана алардын дайындалышына жараша көрсөтүлүүчү байланыш кызматтарынын канааттандырарлык сапатын камсыз кылуу үчүн бардык зарыл чараларды жүзөгө ашырууга тийиш.
3. Радиобайланыш технологияларынын туруктуу өнүгүшүн эске алуу менен Тараптар Тараптардын ыйгарым укуктуу органдарынын ортосунда түзүлө турган Техникалык негиздерди актуалдаштыруу максатында Тараптардын ыйгарым укуктуу органдарынын эксперттеринин координациялык жолугушууларын өткөрөт.
8-берене.
1. Радиожыштык ыйгарууларын колдонууну баштоонун алдында, ошондой эле координацияланган радиожыштык ыйгарууларынын жана/же станцияларынын техникалык параметрлерине өзгөртүүлөрдү киргизүү ниети болгон учурда Тараптар ушул Макулдашууда белгиленген тартипте жана Эл аралык электр байланыш бирлигинин Радиобайланыш регламентинин талаптарына ылайык координациялоону жүргүзүүгө милдеттүү.
2. Ушул берененин 1-пунктуна ылайык координациялоо жол-жоболору жүргүзүлгөндөн кийин Тараптар Жыштыктардын эл аралык маалымдама регистрине каттоо үчүн радиожыштык ыйгарууларын жиберет.
3. Координациялоого жазуу жүзүндө суроо-талап жиберилген Тараптын ыйгарым укуктуу органы аны алгандыгын он төрт календардык күндүн ичинде ырастоого, андан кийин алтымыш календардык күндүн ичинде - жердеги радиокызматтар үчүн жана токсон календардык күндүн ичинде - космостук радиокызматтар үчүн жүргүзүлгөн координациялоонун натыйжалары жөнүндө жазуу жүзүндө жооп жөнөтүүгө тийиш. Тараптын ыйгарым укуктуу органы билдирилген радиожыштык ыйгарууну пайдалануу менен макул болбогон учурда ал координациялоо маселелери боюнча макулдашылган чечимге жетишүү үчүн зарыл болгон сунуштарды жиберет.
4. Ушул берененин 3-пунктунда каралган мөөнөттөр өткөндөн кийин суроо-талапка жооп берилбеген учурда, Тараптын сураган ыйгарым укуктуу органы Тараптын суралуучу ыйгарым укуктуу органына жооптун жоктугу жөнүндө жазуу жүзүндө эскертүү жиберет. Эгерде Тараптын суралуучу ыйгарым укуктуу органы жооптун жоктугу жөнүндө мындай эскертүү жөнөтүлгөн датадан тартып он беш календардык күн өткөндөн кийин жооп бербесе, жыштык ыйгаруулар координацияланган болуп эсептелет. Мында Тараптын сураган ыйгарым укуктуу органы мындай жыштык ыйгарууларын координацияланган радиожыштыктардын тизмесине киргизип, бул тууралуу экинчи Тараптын суралуучу ыйгарым укуктуу органына кабарлайт.
5. Айрым зарыл болгон учурларда Тараптар убактылуу пайдалануу үчүн (30 календардык күнгө чейин) натыйжалуу нурлануучу кубаттуулугу 13 дБВт ашпаган станцияларга радиожыштыктарды ыйгарууга укуктуу. Мында Тараптар мындай пайдалануу фактылары жөнүндө бири-бирине маалымдайт жана мүмкүн болгон тоскоолдуктарды четтетүү боюнча чараларды көрөт.
6. Эгерде Тараптардын биринин ыйгарым укуктуу органы координацияланган радиожыштык ыйгарууларынын тизмесине координациялоону талап кылбаган өзгөртүүлөрдү киргизсе, анын ичинде координацияланган станцияны пайдалануу токтотулган учурда да, анда ал бул өзгөртүүлөр жөнүндө экинчи Тараптын ыйгарым укуктуу органына маалымдайт.
9-берене.
1. Зыяндуу тоскоолдуктарга дуушар болгон станция таандык болгон Тарап бул тууралуу экинчи Тарапка кабарлайт. Зыяндуу тоскоолдуктар жөнүндө билдирүү Эл аралык электр байланыш бирлигинин Радиобайланыш регламентинин 10-тиркемесине ылайык жөнөтүлөт.
2. Тараптар өз ара түшүнүшүүнүн жана кызматташуунун негизинде тоскоолдуктарга тиешелүү маселелерди жөнгө салуу үчүн мүмкүн болгон чараларды көрөт.
10-берене.
1. Ушул Макулдашууда каралбаган учурларда Тараптар Эл аралык электр байланыш бирлигинин Радиобайланыш регламентинин жоболорун жана Эл аралык электр байланыш бирлигинин Сунуштамаларын, ошондой эле Тараптардын мамлекеттери катышуучулары болуп саналган эл аралык уюмдардын башка макулдашууларын жана сунуштамаларын жетекчиликке алат.
2. Ушул Макулдашуу алардын мамлекеттери катышуучулары болуп саналган башка эл аралык келишимдерде каралган Тараптардын укуктарын жана милдеттенмелерин чектебейт.
11-берене.
1. Ушул Макулдашуунун жоболорун чечмелөөдө же колдонууда Тараптардын ортосунда келип чыккан бардык талаш-тартыштар жана пикир келишпестиктер сүйлөшүүлөр жана консультациялар жолу менен чечилет.
2. Эксперттердин жолугушууларын өткөрүү Тараптар тарабынан алдын ала макулдашылат, мындай жолугушууларды даярдоого жана өткөрүүгө байланышкан уюштуруу маселелери мамлекетинин аймагында жолугушуу өткөрүлө турган Тарап тарабынан чечилет. Эксперттерди каржылоо Тараптардын мамлекеттеринин мыйзамдарында каралган каражаттардын эсебинен ар бир Тарап тарабынан өз алдынча жүзөгө ашырылат.
12-берене.
Тараптар өз ара аракеттенүүдө ушул Макулдашууга ылайык орус тили колдонулат.
13-берене.
Тараптардын макулдашуусу боюнча ушул Макулдашууга өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилиши мүмкүн, алар ушул Макулдашуунун ажыратылгыс бөлүгү болуп саналган өзүнчө протоколдор менен таризделет.
14-берене.
Тараптардын ыйгарым укуктуу органдары ушул Макулдашуу түзүлгөндүгү жөнүндө Эл аралык электр байланыш бирлигине кабарлайт.
15-берене.
Ушул Макулдашуу анын күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболорду Тараптардын аткаргандыгы жөнүндө жазуу жүзүндөгү акыркы кабарлама дипломатиялык каналдар боюнча алынган датадан тартып күчүнө кирет.
Ушул Макулдашуу беш жылдык мөөнөткө түзүлөт жана Тараптардын бири учурдагы мезгил аяктаганга чейин алты айдан кечиктирбестен дипломатиялык каналдар аркылуу экинчи Тарапка анын колдонулушун узартпоого өзүнүн ниети жөнүндө жазуу жүзүндөгү кабарламаны жибербесе, кийинки беш жылдык мезгилдерге автоматтык түрдө узартылат.
Тараптардын бири экинчи Тараптан ушул Макулдашуунун колдонулушун узартпоо ниети жөнүндө жазуу жүзүндөгү кабарламаны алган учурда, Тараптар алты айдын ичинде берилген маалыматты пайдалануу тартиби жөнүндө өз ара консультацияларды өткөрөт. Ушул Макулдашуунун колдонулушун токтотуу Тараптарды анын колдонулушу токтотулганга чейин алынган маалыматты коргоо боюнча милдеттенмелерден, ошондой эле аны жоготкондугу же ачыкка чыгаргандыгы үчүн жоопкерчиликтен бошотпойт.
Макулдашууга _____________ шаарында 20___-жылдын "___" _________________ эки нускада, ар бири кыргыз, казак жана орус тилдеринде кол коюлду, мында бардык тексттер бирдей күчкө ээ.
Ушул Макулдашуунун жоболорун чечмелөөдө пикир келишпестиктер келип чыккан учурда Тараптар орус тилиндеги текстке кайрылат.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин атынан |
| Казакстан Республикасынын Өкмөтүнүн атынан |