Редакцияот 27.08.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

САМАРКАНДЕК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Самаркандек айылдык кенешинин VII чакырылышынын кезектеги VIII сессиясы

2025-жылдын 27-августу № 70

                     Макулдук берүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Президентинин  2021-жылдын 2- январындагы “Менчикти коргоо жана жеке ишкерлер менен  инвесторлорду колдоо жөнундөгү” ”№3 Жарлыгы, Кыргыз Республикасынын “Чакан ишкердикти  мамлекеттик колдоо жөнүндөгү” мыйзамын ишке ашыруу максатында Кыргыз Республикасынын Жер мыйзамынын 11-беренесине ылайык “Кыргызмамжердолбоорлоо” мамлекеттик ишканасынын Баткен  жерге жайгаштыруу  экспедициясынын аныктамасына ылайык жана   Самаркандек айыл өкмөтүнүн жер адиси Ж.Карабаевдин  билдирүүсүн угуп талкуулап чыгып, Самаркандек айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

  1. Самаркандек айыл өкмөтүнүн Паскы-Арык айылыны тургуну Касымов Аззамбай Абдимиталиповичтин арызы боюнча - Паскы-Арык айылынын чыгыш тарабынан №566 контурундагы 0,35 га жер тилкеси  “айыл чарба багытындагы жерлер категориясынын” таштуу жайыт жерлер түрүнөн өздөштүрүп бак-дарак отургузуу үчүн “айыл чарба багытындагы жерлер категориясынын”  көп жылдык бак-дарактар түрүнө которууга (трансформациялоого) макулдук берилсин.
  2. Бул токтомдун аткарылуусун камсыз кылуу жагы Самаркандек айыл өкмөтүнүн жерге жайгаштыруу бөлүмүнүн башкы адиси  Ж. Карабаевге тапшырылсын.
  3.  Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана Самаркандек айылдык кеңешинин регламентинин талаптарына ылайык ушул токтомду Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин ченемдик укуктук актыларынын реестрине каттоо жагы айылдык кеңешинин жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
  4. Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
  5.  Кабыл алынган ушул токтом samarkandek.gov.kg  сайтында жарыялансын.

 

 

Тѳрага:

Ш.Гапаров