САМАРКАНДЕК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Самаркандек айылдык кенешинин VII чакырылышынын кезектеги VIII сессиясы
2025-жылдын 27-августу № 72
Макулдук берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 2-январындагы “Менчикти коргоо жана жеке ишкерлер менен инвесторлорду колдоо жөнундөгү” ”№3 Жарлыгы, Кыргыз Республикасынын “Чакан ишкердикти мамлекеттик колдоо жөнүндөгү” мыйзамын ишке ашыруу максатында Кыргыз Республикасынын Жер мыйзамынын 11-беренесине ылайык “Кыргызмамжердолбоорлоо” мамлекеттик ишканасынын Баткен жерге жайгаштыруу экспедициясынын аныктамасына ылайык жана Самаркандек айыл өкмөтүнүн жер адиси Ж.Карабаевдин билдирүүсүн угуп талкуулап чыгып, Самаркандек айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- Самаркандек айыл өкмөтүнүн Жаңы-Бак айылынын тургуну Рахимкулов Каныбек Меликозуевичтин арызы боюнча – Самаркандек-Мадыген жаңы автожолунун чыгыш тарабында №1800 контурунда жайгашкан 0,50 га жер тилкеси “айыл чарба багытындагы жерлер категориясынын” таштуу жайыт жерлер түрүнөн өздөштүрүп бак-дарак отургузуу үчүн “айыл чарба багытындагы жерлер категориясынын” көп жылдык бак-дарактар түрүнө которууга (трансформациялоого) макулдук берилсин.
- Аталган жер тилкеси мамлекеттин кызыкчылыгына пайдалануу мезгилинде бузууга дуушар болгон учурда компенсация төлөнбөстүгу айыл өкмөтү менен түзулүүчү келишимде белгиленсин.
- Бул токтомдун аткарылуусун камсыз кылуу жагы Самаркандек айыл өкмөтүнүн жерге жайгаштыруу бөлүмүнүн башкы адиси Ж. Карабаевге тапшырылсын.
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана Самаркандек айылдык кеңешинин регламентинин талаптарына ылайык ушул токтомду Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин ченемдик укуктук актыларынын реестрине каттоо жагы айылдык кеңешинин жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
- Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
- Кабыл алынган ушул токтом samarkandek.gov.kg сайтында жарыялансын.
Тѳрага: | Ш.Гапаров |