Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ
2025-жылдын 19-августу № 712-т
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 21-майындагы № 366-т тескемесинин редакциясына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 10-февралындагы № 23 "2040-жылга чейин Кыргыз Республикасынын улуттук суу стратегиясы жөнүндө" Жарлыгы менен бекитилген 2040-жылга чейин Кыргыз Республикасынын улуттук суу стратегиясын ишке ашыруу максатында, Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин 257-статьясын, "Кыймылсыз мүлккө жана аны менен бөлгөн бүтүмдөрдү укуктарды мамлекеттик каттоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 1-статьясынын 24-пунктун, 55-статьясын, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерин жетекчиликке алып:
1. Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Суу ресурстары кызматы архивдик документтерди эске алуу менен төмөнкүдөй суу чарба курулмаларынын реестрин түзсүн:
1) райондук суу чарба башкармаларынын жана суу чарба башкы башкармалыктарынын балансында турган;
2) ээси жок;
3) муниципалдык менчикте турган гидротехникалык курулмалары бар биринчи жана экинчи тартиптеги ички чарбалык ирригациялык каналдар.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 21-майындагы № 366-т тескемесинин редакциясына ылайык)
2. Бул тескеменин 1-пунктунда көрсөтүлгөн суу чарба курулмалары системалык каттоонун объекттери болуп саналат деп белгиленсин.
3. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттик:
1) Системалык каттоо объекттеринин кыймылсыз мүлк укуктарын системалык каттоо жүргүзүү жөнүндө жобону иштеп чыксын;
Караңыздар:
Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетине караштуу жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттигинин 2025-жылдын 14-ноябрындагы № 10-1/317 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттик тарабынан Кыргыз Республикасындагы суу чарба курулмаларын системалуу каттоону жүргүзүү жөнүндө" буйругу
2) 2025-жылдын 1-сентябрынан тартып 2026-жылдын 1-сентябрына чейинки мезгилде ушул тескеменин 1-пунктунда көрсөтүлгөн системалык каттоо объекттерин системалык каттоону жүзөгө ашырсын.
4. Бул тескемеден келип чыгуучу иш-чараларды ишке ашыруу мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын тиешелүү жылга каралган каражаттарынын чегинде жүзөгө ашырылат деп белгиленсин.
5. Кыргыз Республикасынын министрликтери жана ведомстволору ички иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органды кошпогондо, системалык каттоо объекттерине укук белгилөөчү, долбоордук жана башка документтерди издөөдө, ошондой эле аны жүргүзүүдө Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Суу ресурстары кызматына жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттикке көмөк көрсөтсүн.
6. Райондук мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары системалык каттоо жүргүзүү мезгилинде өзүнүн ыйгарым укуктарынын алкагында укук белгилөөчү документтери болбогон системалык каттоо объекттерине карата чечимдерди кабыл алсын.
7. Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги квартал сайын, отчеттук мезгилден кийинки айдын 15инен кечиктирбестен Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына мамлекеттик органдар тарабынан ушул тескеменин аткарылышы жөнүндө отчет берип турсун.
8. Бул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.А. Касымалиев |