Загрузка документа…
КАРА–СУУ ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
2023-жылдын 8-февралындагы № 13/2
Кара- Суу шаарынын 2023-жылга бюджетин бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Бюджеттик Кодексин жетекчиликке алып Кара-Суу шаардык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Кара - Суу шаарынын 2022-жылга бюджетинин кирешеси 77436,1 миң сомго бекитилген, 110536,2 миң сомго такталган, аткарылганы 116829,5 миң сом. Чыгашасы 77436,1 сомго бекитилген, 120484,1 миң сомго такталган анын ичинен 9947,9 миң сом 2021-жылдын калдыгынан, аткарылганы 113784,7 миң сом.
2. Кара - Суу шаарынын 2023-жылга бюджети кирешелер жана чыгашалар боюнча 104653,9 миң сом суммасында бекитилсин, анын ичинде: 11632,8 миң сом – атайын каражат.
3. Кара - Суу шаарынын 2023-жылга карата бюджетинин киреше бөлүгү тиркемелерде көрсөтүлгөн булактар боюнча түшүүлөрдүн эсебинен түзүлө тургандыгы аныкталсын.
4. 2023-жылга карата чыгашаларды каржылоо накталай алынган кирешелердин чегинде жүргүзүлө тургандыгы белгиленсин. Мында, биринчи кезекте корголгон статьялар боюнча (айлык акы, Кыргыз Республикасынын Социалдык фондусуна төгүмдөр, медикаменттер, тамактандыруу, калкка социалдык жардам боюнча жөлөкпул, стипендиялар) чыгашаларды каржылоо жүргүзүлөт.
1) Чыгашалардын корголгон статьялары бюджеттик мекемелердин штаттык санындагы бош кызмат орундарына жана ченемдик укуктук актыларды кабыл алууга байланыштуу азайтылышы мүмкүн;
2) Бюджеттик каражаттардын чыгымдалышы жана чыгашалардын статьяларынын максаттуу пайдаланылышы үчүн жоопкерчилик шаар мэрине, бюджеттик мекемелердин жана муниципалдык ишканалардын жетекчилерине жүктөлөт.
5. Ар кандай салыктар жана жыйымдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы тарабынан салынган айып акылар, жерди жана мүлктү ижаралоо үчүн төлөмдөр, түшкөн салыктык жана салыктык эмес түшүүлөр - 100% шаардык бюджетте калат. Шаар мэриясына жана бюджеттик мекеме жетекчилерине атайын каражаттарды казыналык системадан сырткары пайдалануусуна тыюу салынсын. Көрсөтүлгөн тартип бузулган учурда атайын каражаттардын 100 пайызы шаардык бюджеттин кирешесине алынып коюулары эскертилсин.
6. Тармактар боюнча чыгымдар төмөнкүдөй бекитилсин:
1) Башкаруу аппаратын кармоонун чыгымдары 18609,8 миң сом, анын ичинен:
2) шаардык кеңешинин эмгек акысы 2136,0 миң сом, соцфондко чегерүүлөр 277,3 миң сом, сапар чыгымдары 50,0 миң сом.
3) шаар мэриясынын эмгек акысы 10781,5 миң сом, соцфондко чегерүүлөр 1403,8 миң сом, резервдик фонду 930,2 миң сом, сапар чыгымдары 400,0 миң сом.
4) Шаардык кеңештин, шаар мэриясынын типтүү түзүмү жана штаттык саны Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомунун негизинде бекитилсин;
5) Шаар мэриясынын алдындагы муниципалдык менчикти башкаруу департаментинин штаттык саны №1 тиркемеге ылайык бекитилсин, 2022-жылга салыштырмалуу кыскартылып жаткан эки жетектөөчү адиске январь айына карата эмгек акы жана КР Эмгек Кодесинин негизинде эмгек акынын эки орточо айлык өлчөмүндө бошонуу жөлөкпулу төлөнүп берилсин;
6) Шаардын муниципалдык департаментинин чыгымдары 27113,4 миң сом, анын ичинен эмгек акы 2766,6 миң сом, соцфондко чегерүүлөр 422,5 миң сом, департаменттин имараттар жана курулуштар беренесине (311) 19598,8 миң сом.
Имараттар жана курулуштар беренесине каралган 19598,8 миң сом төмөндөгү иштерге каржылансын:
Ош көчөсүнүн жолун оңдоого - 2 625 000
Юбилейный суюк таштанды төгүүчү жай курууга – 1 550 000
Нурахунов көчөсүнө лоток орнотууга - 1 125 000
Райондук балдар ооруканасынын кире бериш тарабындагы жолуна асфальт төшөөгө 1 590 000 Ж.Бөкөнбаев эс алуу багынын 3/1 бөлүгүн реконструкциялоо 5 000 000
Ленин көчөсү ҮБДТ имаратынан баштап борбордук аянтка чейинки аралыкка лоток, түнкү жарыткыч, жөө жүргүнчүлөр үчүн жол курууга 5 346 600
Х.Турсунов мектебинин айланасын тосуу 250 000
Социалдык дүкөн уюштурууга - 260 000
Мээрим бала бакчасына брусчатка төшөөгө - 889 800
№134 негизги мектебинин чатырын жабууга 456 600
Рахимов көчөсүн жарыктандырууга 274 500
Шаарда 2023-жылы жүргүзүлө турган курулуш, оңдоо иштеринин долбоордук сметалык документтери Кара-Суу шаарынын шаар курулушу жана архитектура башкармалыгы менен макулдашуунун негизинде даярдалсын.
7) Коммуналдык тейлөөнүн чыгымдары 22577,5 миң сом, анын ичинен аксакалдар кеңешинин жана аксакалдар сотунун төрагаларына материалдык жардам 120,0 миң сом, субсидиялар 22457,5 миң сом, мындан Кара-Суу Таза-Суу муниципалдык ишканасына: кредиттин пайыздык төлөмдөрүн төлөөгө 4705,5 миң сом, “Кара-Суу Тазалык” муниципалдык ишканасына: таштандыларды чыгарууга -11900,0 миң сом, таштанды төгүүчү жайга ижара акы – 800,0 миң сом, муниципалдык менчикти башкаруу департаментинен өтүп жаткан 12 адамдын эмгек акысы үчүн 2500,0 миң сом, ижара акы – 600,0 миң сом, жашылдандырууга 600,0 миң сом, муниципалдык ишканалардын таштандыларын алып чыгууга – 1352,0 миң сом.
8) Маданият тармагы 760,0 миң сом.
9) Дене тарбия жана спорт бөлүмүнүн муниципалдык ишканасынын штаттык саны №2 тиркемеге ылайык бекитилсин, 2023-жылга чыгымдары 2974,1 миң сом, анын ичинен эмгек акы 977,7 миң сом, соцфондко чегерүүлөр 146,4 миң сом;
10) Мектепке чейинки мекемелеринин чыгымдары 7453,9 миң сом, анын ичинен тамак-аш сатып алууга 3529,8 миң сом, дем берүүчү грантка өздүк салым -1914,5 миң сом;
11) Билим берүү мекемелеринин чыгымдары 8619,2 миң сом;
12) социалдык коргоо тармагынын чыгымдары 4913,2 миң сом, анын ичинен Кара-Суу Таза-Суу мунуципалдык ишканасына-сууга материалдык жардам 600,0 миң сом, кварталдык комитеттердин төрагаларына материалдык жардам 960,0 миң сом, гендердик саясатты колдоого 200,0 миң сом, өзгөчө кырдаалга 930,2 миң сом, мугалимдердин коммуналдык чыгымдары үчүн 450,0 миң сом, социалдык колдоого 1773,0 миң сом.
7. Кара - Суу шаар мэриясы 2023–жыл ичинде жергиликтүү бюджетти аткарууда төмөндөгүлөрдү киргизүүгө укуктуу:
- эгерде бул шаардын жергиликтүү бюджетинин киреше бөлүгүн азайтууга алып келбесе, ушул токтомдо бекитилген суммалардын чектеринде ушул токтомдун тиркемесин өзгөртүүлөргө;
- керектүү учурларда бюджеттин чыгашалар бөлүгүнө киргизилген өзгөртүүлөргө байланыштуу акча каражатын шаардык кенеште каралганга чейин шаардык кеңешинин экономика, бюджет, инвестиция тартуу жана ишкердүүлүк боюнча туруктуу комиссиясынын макулдугу менен иштетүүгө;
- кирешелердин болжолдонгон кирешелеринин ашыкча түшүүлөрүнүн эсебинен шаардын жергиликтүү бюджеттин чыгаша бөлүгүн көбөйтүүнү карап чыгууга;
- тиешелүү органдар тарабынан кабыл алган ченемдик актыларды кабыл алуудан келип чыгуучу жергиликтүү өз алдынча башкаруунун бюджети менен Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетинин өз ара эсептешүүлөрүнө тактоолорду киргизүүгө;
- бекитилген планга тактоонун негизинде өзгөртүү киргизүүгө.
8. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022–жылдын 30– апрелиндеги №240 токтомуна ылайык менчик жеңил автоуналарын кызматтык максаттарга пайдалангандыгы үчүн шаардын вице - мэрине сметада каралган күйүүчү майына каражат бөлүп берилсин.
9. Ушул токтом 2023-жылдын 1-январынан колдонууга киргизилсин, бул токтомдун аткарылышы шаардын мэриясына, көзөмөлдөө шаардык кеңештин экономика, бюджет, инвестиция тартуу жана ишкердүүлүк боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Кара-Суу шаардык кеңешинин төрагасы | А.О.Назаров |
| Кара-Cуу шаардык кеңешинин 2023-жылдын 8-февралындагы XIII сессиясынын №13/2 токтомуна 1 тиркеме
|
Кара-Суу шаар мэриясынын алдындагы муниципалдык менчикти башкаруу департаментинин штаттык саны жана эмгек акыларынын өлчөмү
№ | Кызматтардын аталышы | Штаттын саны | Эмгек акы өлчөмү |
1 | Директор | 1 | 22810 |
2 | Башкы адис | 1 | 29178 |
3 | Жетектөөчү адис | 2 | 19430,4 |
4 | Адис | 1 | 17001,6 |
5 | Чарба башчысы | 1 | 14361 |
6 | Электрик | 1 | 8025,6 |
7 | Айдоочу | 1 | 14960 |
8 | Күзөтчү | 2 | 10560 |
9 | Тазалоочу | 1 | 8800 |
| Баардыгы | 11 |
|
Эскертүү: Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 1-августундагы ПЖ №266 Жарлыгынын негизинде жетекчинин эмгек акысы мэриянын бөлүм башчысынын эмгек акысы менен теңештирилип, башкы адиске –башкы адистин, жетектөөчү адиске-жетектөөчү адистин, адиске –адистин эмгек акысы төлөнөт. Эмгек акысына иштеген жылдарына жараша үстөк пайыз төлөө, жумушка жөндөмдүүлүгү үчүн 10%, он үчүнчү эмгек акы төлөнүп берилет. Кичи тейлөөчү персоналдар менен техникалык тейлөөчү кызматкерлердин эмгек акысы Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 1-августундагы “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын тейлеп иштеген кызматкерлерге эмгек акы төлөө шарттары жөнүндө” №433 токтомунун негизинде төлөнүп берилет.
Кара-Суу шаардык кеңешинин жооптуу катчысы | А.К.Кебекбаева |
| Кара-Cуу шаардык кеңешинин 2023-жылдын 8-февралындагы XIII сессиясынын № 13/2 токтомуна 2 тиркеме
|
Кара-Суу шаарындагы дене тарбия, спорт бөлүмү муниципалдык ишканасынын штаттык саны жана эмгек акыларынын өлчөмү
№ | Кызматтардын аталышы | Штаттын саны | Эмгек акы өлчөмү |
1 | Директор | 1 | 23760 |
2 | Жетектөөчү адис | 1 | 21373 |
3 | Күзөтчү | 1 | 10560 |
4 | Тазалоочу | 1 | 8800 |
| Баардыгы | 4 |
|
Эскертүү: Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 1-августундагы ПЖ №266 Жарлыгынын негизинде жетекчинин эмгек акысы мэриянын бөлүм башчысынын эмгек акысы менен теңештирилип, жетектөөчү адиске-жетектөөчү адистин эмгек акысы төлөнөт. Эмгек акысына иштеген жылдарына жараша үстөк пайыз төлөө, жумушка жөндөмдүүлүгү үчүн 10%, он үчүнчү эмгек акы төлөнүп берилет. Кичи тейлөөчү персоналдар менен техникалык тейлөөчү кызматкерлердин эмгек акысы Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 1-августундагы “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын тейлеп иштеген кызматкерлерге эмгек акы төлөө шарттары жөнүндө” №433 токтомунун негизинде төлөнүп берилет.
Кара-Суу шаардык кеңешинин жооптуу катчысы | А.К.Кебекбаева |