КАРА–СУУ ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
КАРА-СУУ ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН (СЕГИЗИНЧИ ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН) КЕЗЕКТЕГИ XIII СЕССИЯСЫ
2023-жылдын 8-февралындагы № 13/7
Кара - Суу шаарынын суу менен жабдуу жана канализация тутумдарын жакшыртуу долбоорунун алкагында Европа инвестициялык банкы тарабынан төмөн пайызда насыя алуу жөнүндө
Кара-Суу шаар мэриясынын 2023-жылдын 2-февралындагы чыгыш № 01-20/142 сандуу катын угуп жана талкуулап шаардык кеңеш
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Кара - Суу шаарынын суу менен жабдуу жана канализация тутумдарын жакшыртуу долбоорунун алкагында Европа инвестициялык банкынан 1 000,0 (бир миллион) евро төмөн пайызда насыя (кредит) алууга макулдук берилсин.
2. Насыя алуу үчүн Кыргыз Республикасынын финансы министрлиги менен Кара-Суу шаардык мэриясынын ортосунда субкредиттик макулдашуу түзүлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышы шаар мэриясына, көзөмөлдөө шаардык кеңештин экономика, бюджет, инвестиция тартуу жана ишкердүүлүк боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Кара-Суу шаардык кеңешинин төрагасы | А.О.Назаров |