Загрузка документа…
КҮМҮШТАК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 4-апрели № 1
Күмүштак айыл өкмөтүнө караштуу айыл чарба багытындагы жерлерин жана айыл чарба мамлекеттик фондусунун (АЧЖМФ) жерлерин ижарага берүү боюнча жер комиссиясынын ишинин регламентин бекитүү жөнүндө
Айыл өкмөтүнө караштуу айыл чарба багытындагы жерлерин жана айыл чарба мамлекеттик фондусунун (АЧЖМФ) жерлерин ижарага берүү боюнча жер комиссиясынын ишинин регламентин бекитип берүү жөнүндөгү Күмүштак айыл өкмөт башчысы З.Надырбаевдин 2025-жылдын 28-мартындагы №02-2/610 чыгыш сандуу кайрылуусун карап чыгып, талкуулап Күмүштак айылдык кенешинин депутаттарынын VI сессиясы;
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Күмүштак айыл өкмөтүнө караштуу айыл чарба багытындагы жерлерин жана айыл чарба мамлекеттик фондусунун (АЧЖМФ) жерлерин ижарага берүү боюнча жер комиссиясынын ишинин регламенти тиркемеге ылайык бекитилсин (тиркеме 2 баракта тиркелет).
2. Токтомдун аткарылышын камсыздоо жагы айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кенештин жер, айыл чарбасы, мыйзамдуулукту, укук тартибин сактоо, жарандардын укугун жана кызыкчылыгын коргоо, архитектура, курулуш, транспорт жана экология боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага |
| Б. Акматов |
|
| Күмүштак айылдык кенешинин депутаттарынын 2025-жылдын 4-апрелиндеги VI сессиясынын №1 токтому менен бекитилген. |
Талас облусунун Бакай-Ата районунун Күмүштак айыл өкмөтүндөгү айыл чарба мамлекеттик фондусунун жерлерин (АЧЖМФ) ижарага берүү боюнча
Жер комиссиясынын ишинин
РЕГЛАМЕНТИ
1. Жалпы жоболор;
2. Жер комиссиясын түзүү тартиби;
3. Жер комиссиясынын иш милдеттери;
4. Жер комиссиясынын отурумун уюштуруу жана өткөрүү тартиби.
1. Жалпы жоболор:
1.1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2007-жылдын 29-июнундагы №1997-111 - токтому менен бекитилген «Айыл чарба жерлерин мамлекеттик фондусунун жерлерин» ижарага берүү тартиби жана шарттары жөнүндөгү» типтүү Жобого ылайык жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 22-июнундагы №243 токтомунун негизинде, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 23-сентябрындагы №571 бекитилген токтомун жетекчилике алып жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 9-сентябрындагы №494 токтомун аткаруу максатында жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларына ылайык, ушул Регламент ишке ашырылат.
2. Жер комиссиясын түзүү тартиби:
2.1. Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондусунун жерлерин ижарага берүү максатында айыл өкмөтү 7 адамдан кем эмес санда Жер комиссиясын түзөт. Анын курамына жергиликтүү кеңештин 3 төн кем эмес депутаты кирет.
Айыл өкмөтүнүн башчысы комиссиясынын курамына кызматы боюнча кирет.
Жер комиссиясынын курамына ошондой эле айыл башчылары, коомчулуктун жана коомдук уюмдардын өкүлдөрү кириши мүмкүн.
Жер комиссиясынын курамына кирген депутаттардын ичинен комиссиянын төрагасы болуп шайланат.
Жер комиссиясынын катчысы болуп айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы дайындалат.
Жер комиссиясынын курамына райондук кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо башкармалыгынын өкүлү кириши мүмкүн.
2.2. Райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыгынын өкүлү Жер комиссиясынын отурумдарына байкоочу катары катышканга укуктуу.
2.3. Жер комиссиясынын курамы айылдык кеңеш тарабынан бекитилет.
2.4. Жер комиссиясынын уюштуруучулук ишин камсыздоону жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органы жүргүзөт.
3. Жер комиссиясынын иш милдеттери:
3.1.Жер комиссиясы төмөнкү иш милдеттерди ишке ашырат:
- аукционду өткөрүү датасын, ордун жана тартибин аныктайт;
- лотторду түзөт;
- ижара акысынын баштапкы же белгиленген өлчөмүн аныктайт;
- конкурстун шарттарын аныктайт;
- кепилдик төлөмдүн өлчөмүн аныктайт;
- лоттордун чек араларын аныктайт;
- Кеңештин чечиминин негизинде ар бир лот боюнча баштапкы ижара акысынын
- өлчөмүн аныктайт;
- ар бир лот боюнча ижара мөөнөтүн аныктайт;
- ар бир лот боюнча аукциондун «кадамынын» өлчөмүн аныктайт;
- ижара акысынын төлөө формаларын жана мөөнөттөрүн аныктайт;
- талапкерлерге аукционго катышууга укук берүүгө - (же уруксат берүүдөн баш
- тартуу) жөнүндө чечим кабыл алат;
- аукцион өткөрүүгө катышат;
- конкурсту өткөрөт;
- тооруктун жыйынтыктарынын протоколуна кол коет;
- кабыл алынган арыздардын жана аларга тиркелген документтердин КРнын
- колдонулуудагы Мыйзамдарына ылайык ижарачыга коюлуучу талаптарга жооп
- берерин текшерет;
- тоорук өткөрүү жол-жобосу менен байланышкан бардык талаш маселелерди чечет;
- КР Мыйзамдары менен белгиленген башка иш милдеттерди аткарат.
3.2. Жер комиссиясы төмөнкүлөргө укуктуу:
- мамлекеттик администрациянын тиешелүү кызматтарынан, бөлүмдөрүнөн жана чарбакер субъектилерден документтерди, корутундуларды, экспертиза актыларын жана отурумдарда каралуучу маселерге тиешеси бар башка материалдарды алганга;
- эксперттерди, анын ичинде көз каранды эмес эксперттерди, тиешелүү корутундуларды даярдоо боюнча ишке тартканга;
- өз ишмердиги жөнүндөгү материалдарды жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыялаганга:
4. Жер комиссиясынын отурумун уюштуруу жана өткөрүү тартиби:
4.1. Жер комиссиясы өз ишмердигин отурумдар түрүндө ишке ашырат. Отурумдардын жыйынтыктарына протокол толтурат, ага Жер комиссиясынын катчысы, төрагасы жана башка бардык катышкан мүчөлөрү кол коет.
4.2. Жер комиссиясынын отуруму Комиссиянын төрагасы аныктаган күндөрү өткөрүлөт.
4.3. Жер комиссиясынын отурумун Жер комиссиясынын төрагасы өткөрөт.
4.4. Жер комиссиясынын отурумуна эгерде ага жалпы мүчөлөрүнүн үчтөн экисинен кем эмеси катышса, чечим кабыл алынганга укуктуу болуп эсептелинет.
4.5. Жер комиссиясынын чечими ачык добуш берүү аркылуу катышкандардын көпчүлүгүнүн жөнөкөй добушу менен кабыл алынат. Добуштар тең болуп калганда, төрагалык кылуучунун добушу чечүүчү болот.
4.6. Жер комиссиясынын мүчөсү түздөн-түз каржылык жактан кызыктар же арызы каралып жаткан адамга туугандык мамиледе болсо, Жер комиссиянын мындай мүчөсү бул маселени караганга жана ал боюнча чечим кабыл алганга катышууга укуктуу эмес.
4.7. Жер комиссиясынын мүчөлөрүнө боло турган отурум жөнүндө, аукцион өткөргөнгө 3 күн калганга чейин билдирилет.
4.8. Отурумдун башында Жер комиссиясынын төрагасы, талкууланып жаткан маселенин мүнөзүн, ыйгарым укуктуу органдардан жана ошондой эле эксперттерден түшкөн расмий корутундулардын мазмунуна жараша иштөө тартибин аныктайт.