Загрузка документа…
КАРА–СУУ ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
2023-жылдын 8-февралындагы № 13/8
Кара - Суу шаардык кеңешинин 2013-жылдын 18-ноябрындагы №5/4 токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 23-сентябрындагы “Муниципалдык менчикте турган жер участокторуна менчик же ижара укугун берүүнүн тартиби жана шарттары жөнүндө типтүү жобону бекитүү тууралуу” №571 токтомунун негизинде Кара-Суу шаар мэриясынын 2023-жылдын 30-январындагы чыгыш №01-20/129 сандуу катын угуп жана талкуулап, Кара-Суу шаардык кеңешинин 2013-жылдын 18-ноябрындагы №5/4 токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү максатында шаардык кеңеш
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Кара-Суу шаардык кеңешинин 2013-жылдын 18-ноябрындагы №5/4 токтомунун 1 пунктундагы К1-экономикалык аймактык коэффиценттери төмөнкүдөй өзгөртүлсүн:
1-аймак - 25тен 28 ге өзгөртүлсүн;
2-аймак – 18ден 21ге өзгөртүлсүн;
3-аймак – 12ден 15ке өзгөртүлсүн;
4-аймак - 7 ден 10го өзгөртүлсүн.
2. Кара-Суу шаардык кеңешинин 2013-жылдын 18-ноябрындагы №5/4 токтомунун 2 пунктундагы К2 – муниципалдык менчиктеги жерлерди ижарага берүүдөгү бир чарчы метр аянтынын орточо баасы төмөнкүдөй өзгөртүлсүн:
1-аймак – 3 сом;
2-аймак – 3 сом;
3-аймак – 3 сом;
4-аймак - 3 сом.
3. Кара-Суу шаардык кеңешинин 2013-жылдын 18-ноябрындагы №5/4 токтомунун 3 пунктундагы К3 – коэффициенттери ижарага берилген аянттарына, кызмат көрсөтүү түрлөрүнө карата төмөнкүдөй өзгөртүлсүн: (магазиндер,киоска-ларектор,кичи базарлар,кафелер (алардын алдылары) ж.б.)
№ | Пайдалануу аянттары | 10 чейин | 10-20 чейин | 20-35 чейин | 35-50 чейин | 50 жана жогорулар |
1 | Коэффициенттер | 22,5 | 16,5 | 10,5 | 7,5 | 6,0 |
Эгерде ижарага берилген жер аянттарынын ичинде көрктөндүрүлгөн жана атайын жашылдандырылган жер аянтчалары жана бак дарактар болсо бекитилген коэффициенттер 1,2 эсеге көтөрүү менен эсептелинет.
4. Бул токтомдун аткарылышы шаар мэриясына, көзөмөлдөө шаардык кеңештин экономика, бюджет, инвестиция тартуу жана ишкердүүлүк боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Кара-Суу шаардык кеңешинин төрагасы | А.О.Назаров |