Загрузка документа…
САВАЙ АЙЫЛДЫК ОКРУГУНУН КЕНЕШИНИН
ТОКТОМУ
2023-жылдын 12-апрелиндеги № 17
Кыдырша айылындагы № 431-контурунда жайгашкан социалдык объектинин башкы планын өзгөртүү киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн 2021-жылынын 20-октябрь №123 Жергиликтүү мамлекеттик админстрациясы жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндөгү мыйзамынын 3-главасынын 34-беренесине ылайык, Кыдырша айылындагы №431-контурунда жайгашкан жалпы аянты 13,20га жердин 0,8га жерине айыл тургундары тарабынан үй салып жашап жаткандыгы жөнүндөгү Кыдырша айылынын депутаты С.Куттубай уулунун сунушун Савай айылдык кеңешинин депутаттары карап чыгып
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Савай айыл өкмөтүнүн аймагындагы Кыдырша айылындагы №431-контурунда жайгашкан социалдык объектин жалпысы 13,20 га жеринин 0,8 га жер аянтынын башкы планына өзгөртүү киргизилсин.
2. Кара-Суу шаар курулуушу жана архитектура башкармалыгынан башкы планга өзгөртүү киргизүү суралсын.
3. Мыйзам чегинде иш алып баруу жагы Савай айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл чарба, жайыттар, жер жана курулуш боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
Төрага | Н. Абдумалик уулу |