Редакцияот 07.02.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ИСКРА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН

ТОКТОМУ

 

Искра айылдык кеңешинин 28-чакырылышынын кезектеги 1-отуруму

 

 

2023-жылдын 7-февралы № 05-т

 

Искра айыл өкмөтүнө караштуу Жаңы-Турмуш айылында жайгашкан Челюскинская н/ж көчөсүндө турган бала бакчанын тиешелүү жер тилкесин бекитип берүү жөнүндө

 

      Төмөндөгү Искра айыл өкмөтүнө караштуу Жаңы-Турмуш айылында жайгашкан Челюскинская н/ж көчөсүндө турган бала бакчанын тиешелүү жер тилкесин бекитип берүү жөнүндөгү  маселени карап жана талкуулап  Искра айылдык кеңеши

                                                    Токтом кылат:

1. Жаңы-Турмуш айылында жайгашкан Челюскинская н/ж көчөсүндө турган бала бакчага 4590,63 м2 болгон жер тилкеси   бекитилип берилсин.

2. Жаңы-Турмуш айылында турган бала бакчага жер тилкесин бекитип  берүүсү жана кагаз иштерин толук бүтүрүү жагы Искра айыл  өкмөтүнүн башкы жерге жайгаштыруу адисинин милдетин аткаруучу У. Ишеналиевке жүктөлсүн.

3. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып аны мамлекеттик каттоо үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин тиешелүү аймактык бөлүктөрүнө,  “ММК “ гезитине мамлекеттик  тилде жарыялансын.

4. Ушул токтом расмий жарыяланууга тийиш жана кол коюлган күндөн тарта күчүнө кирет.

5. Токтомдун көзөмөлдөө жагы Искра айылдык кеңешинин туруктуу жер комиссиясына жүктөлсүн.

 

Искра айылдык кеңешинин төрагасы

 

 Нурдинов.К