Редакцияот 07.02.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ИСКРА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН

ТОКТОМУ

 

Искра айылдык кеңешинин 28-чакырылышынын кезектеги 1-отуруму

 

 

2023-жылдын 7-февралы № 07-т

 

Искра айыл өкмөтүнө караштуу Жаны-Турмуш айылында жайгашкан клуб  имараты турган тиешелүү жер тилкесин бекитип берүү жөнүндө

 

      Төмөндөгү Искра айыл өкмөтүнө караштуу Жаны-Турмуш  айылында жайгашкан  клуб имараты турган жер тилкесин бекитип берүү жөнүндөгү  маселени карап жана талкуулап  Искра айылдык кеңеши

                                           

                                                 Токтом кылат:

1. Жаны-Турмуш айылынын Токмок  көчөсүнүн н/ж  дарегинде жайгашкан  клуб имаратынын 1077,33 м2 болгон жер тилкеси   бекитилип берилсин.

2. Искра айыл өкмөтүнүн имаратына жер тилкесин бекитип  берүүсү жана  кагаз иштерин толук бүтүрүү жагы  Искра айыл өкмөтүнүн башкы жерге жайгаштыруу адисинин милдетин аткаруучу  У. Ишеналиевке жүктөлсүн.

3. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып аны мамлекеттик каттоо үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин тиешелүү аймактык бөлүктөрүнө,  “ММК “ гезитине мамлекеттик  тилде жарыялансын.

4. Ушул токтом расмий жарыяланууга тийиш жана кол коюлган күндөн    тарта күчүнө кирет.

5. Токтомдун көзөмөлдөө жагы Искра айылдык кеңешинин туруктуу жер комиссиясына жүктөлсүн.

 

 Искра айылдык кеңешинин төрагасы

 

   Нурдинов.К