Загрузка документа…
|
| Тиркеме |
|
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 21-августундагы № 514 токтомуна) |
Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Мамлекеттик материалдык резервдер фондунун алдындагы "Резерв" мамлекеттик ишканасынын УСТАВЫ
1-глава. Жалпы жоболор
1. Ушул Устав Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Мамлекеттик материалдык резервдер фондунун алдындагы "Резерв" мамлекеттик ишканасынын (мындан ары - Ишкана) ишинин укуктук жана уюштуруучулук негиздерин аныктайт.
2. Ишкана чарба жүргүзүү укугуна негизделген мамлекеттик ишкананын уюштуруу-укуктук формасында түзүлгөн өз алдынча юридикалык жак болуп саналат, обочолонгон мүлккө ээ жана өзүнүн ишин толук чарбалык эсептин жана өзүн-өзү каржылоонун негизинде жүргүзөт, анын мүлкү жана пайдасы мамлекеттик менчик болуп саналат жана коммерциялык ишти жүргүзүү үчүн ага бекитилип берилген.
3. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети Ишкананын уюштуруучусу болуп саналат. Устав Ишкананын уюштуруу документи болуп эсептелет.
4. Ишкананын мамлекеттик башкаруу органы Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Мамлекеттик материалдык резервдер фонду (мындан ары - мамлекеттик башкаруу органы) болуп саналат.
5. Ишкананын фирмалык аталышы бар:
1) фирмалык толук аталышы:
- мамлекеттик тилде: Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Мамлекеттик материалдык резервдер фондунун алдындагы "Резерв" мамлекеттик ишканасы;
- расмий тилде: государственное предприятие "Резерв" при Фонде государственных материальных резервов при Министерстве чрезвычайных ситуаций Кыргызской Республики;
2) кыскартылган фирмалык аталышы:
- мамлекеттик тилде: "Резерв" МИ;
- расмий тилде: ГП "Резерв".
6. Ишкананын юридикалык дареги: Кыргыз Республикасы, Ысык-Көл облусу, Каракол шаары, Кыдыр Аке көчөсү, 5/3.
7. Ишкана өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын жана мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыктарын жана тескемелерин, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомдорун, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтомдорун жана тескемелерин, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген эл аралык келишимдерди жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларын, ошондой эле мамлекеттик башкаруу органынын актыларын жана ушул Уставды жетекчиликке алат.
8. Ишкананын өз алдынча балансы, Кыргыз Республикасынын финансы-кредиттик мекемелеринде алыш-бериш эсеби жана башка эсептери, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гербинин сүрөтү түшүрүлгөн, мамлекеттик жана расмий тилдерде өзүнүн аталышы бар мөөрү, штамптары, белгиленген үлгүдөгү бланктары жана визуалдык жекелештирүүнүн башка каражаттары бар.
9. Мамлекеттик ишкана мамлекеттин милдеттенмелери боюнча кепилдикти (гарантия) өзүнө алган учурларды кошпогондо, Ишкана Кыргыз Республикасынын милдеттенмелери боюнча жооп бербейт.
10. Ушул Уставда жөнгө салынбаган маселелер Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жөнгө салынат.
2-глава. Негизги максаттары, милдеттери жана функциялары
11. Ишкананын ишинин максаты коммерциялык иштен пайда алуу болуп саналат.
12. Ишкананын милдеттери төмөнкүлөр болуп эсептелет:
1) жалпы республикалык маанидеги мамлекеттик программаларды жана социалдык багыттагы долбоорлорду ишке ашыруу;
2) азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылууга байланышкан стратегиялык маанидеги товарларды, жумуштарды же кызмат көрсөтүүлөрдү өндүрүүдө мамлекеттин, юридикалык жана жеке жактардын муктаждыктарын канааттандыруу;
3) Ишканага берилген мамлекеттик менчиктеги мүлктү башкаруу;
4) жеке жана юридикалык жактарга акы төлөнүүчү кызматтарды жана жумуштарды көрсөтүү;
5) мамлекеттик резервдин материалдык баалуулуктарын жайгаштыруу, сактоо, кайра иштетүү жана сатуу;
6) функционалдык милдеттерди чечүү үчүн түз инвестицияларды тартуу.
13. Ишкананын негизги функциялары төмөнкүлөр болуп саналат:
1) буудайды, кайра иштетилген буудай азыктарын жана башка айыл чарба өсүмдүктөрүн, эл керектөөчү тигил же башка товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алуу-сатуу принциби боюнча коммерциялык ишти жүргүзүү;
2) Ишканага чарба жүргүзүүгө, ыкчам башкарууга, пайдаланууга жана ишенимдүү башкарууга берилген мүлктү белгиленген тартипте пайдалануу;
3) лабораториялык изилдөөлөрдү жүргүзүү боюнча кызматтарды көрсөтүү;
4) жүктөрдү ташуу боюнча транспорттук кызматтарды көрсөтүү;
5) илимий-техникалык, изилдөөчүлүк, издөөчүлүк, инновациялык ишти, долбоорлоо-сметалык жана тажрыйба-конструктордук жумуштарды жүргүзүү;
6) мамлекеттик резервдин материалдык баалуулуктарын жайгаштыруу, сактоо, кайра иштетүү жана сатуу боюнча жумуштарды жүргүзүү;
7) Ишкананын кызматкерлерин окутууну, кайра даярдоону жана квалификациясын жогорулатууну уюштуруу;
8) ушул Уставда каралбаган, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген жана Ишкананын максаттарына ылайык келген башка функциялар.
3-глава. Укуктары жана милдеттери
14. Ишкана ушул Уставда аныкталган милдеттерди жана функцияларды жүзөгө ашыруу үчүн төмөнкүлөргө укуктуу:
1) продукцияны, товарларды, зарыл болгон материалдарды жана буюмдарды дүң жана чекене соода тартибинде кооперативдерден, ошондой эле жарандардан сатып алууга;
2) материалдык ресурстарды, мүлктү, анын ичинде негизги каражаттарды ишканалардан, уюмдардан, мекемелерден жана жарандардан накталай эмес жана накталай эсептешүү менен сатып алууга;
3) юридикалык жана жеке жактардан буудайды, буудайды кайра иштетүү азыктарын жана башка айыл чарба өсүмдүктөрүн, эл керектөөчү зарыл болгон товарларды белгиленген тартипте юридикалык жана жеке жактардан сатып алууга;
4) рыноктук конъюнктурага жараша коммерциялык уюмдар үчүн товарлардын, жумуштардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн наркын өз алдынча аныктоого;
5) кеңешүүчү, жумушчу, аналитикалык жана изилдөө топторун түзүүгө;
6) обочолонгон мүлккө ээ болууга, өзүнүн атынан мүлктүк жана жеке мүлктүк эмес укуктарды, милдеттерди алууга жана жоопкерчилик тартууга, сот органдарында доогер жана жоопкер болууга;
7) белгиленген тартипте келишимдерди түзүүгө, Ишкананын максатына жана милдеттерине ылайык юридикалык жана жеке жактар менен накталай эмес жана накталай эсептешүүлөрдү жүргүзүүгө;
8) өз функцияларын жүзөгө ашыруу үчүн эл аралык финансылык жана башка уюмдардын гранттарын жана каражаттарын тартууга;
9) Ишкананын кызматкерлерин зарыл болгон учурда иш сапарларга жиберүүгө;
10) өзүнө бекитилген мүлктү юридикалык жана жеке жактарга белгиленген тартипте ижарага берүүгө;
11) Ишкананын ишин жүргүзүү үчүн зарыл болгон өкүлчүлүктөрдү жана филиалдарды белгиленген тартипте уюштурууга;
12) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык тышкы экономикалык ишти жүргүзүүгө;
13) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана ушул Уставга ылайык кыймылсыз жана кыймылдуу мүлккө ээлик кылууга, пайдаланууга жана тескөөгө;
14) Ишканадагы иштерди аткаруу үчүн эмгек келишимдеринин, мөөнөттүү эмгек келишимдеринин, подряд келишимдеринин, башка жарандык-укуктук келишимдердин негизинде жарандарды белгиленген тартипте ишке тартууга;
15) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген ишкердик ишти жүргүзүүгө;
16) Ишкананын белгиленген максаттарына жана милдеттерине ылайык ишти камсыз кылуу үчүн башка укуктарды жүзөгө ашырууга.
15. Ишкана өзүнүн максатына жетүү жана ушул Уставда аныкталган милдеттерин жана функцияларын ишке ашыруу үчүн төмөнкүлөргө милдеттүү:
1) мамлекеттик материалдык резервдин материалдык баалуулуктарын жайгаштырууга, сактоого, кайра иштетүүгө жана сатууга;
2) Ишкана иштерди аткарган жана кызматтарды көрсөткөн мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен түзүлгөн келишимдер боюнча милдеттенмелерди так аткарууга;
3) мамлекеттик башкаруу органынын тапшырмаларын так аткарууга;
4) Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарына ылайык Ишкананын кызматкерлери аткарган иштерди Ишкананын жеке каражаттарынын эсебинен каржылоону камсыз кылууга;
5) Ишкананын кызматкерлерин социалдык, медициналык жана милдеттүү камсыздандыруунун башка түрлөрү менен камсыз кылууга;
6) ага берилген мамлекеттик мүлктүн сакталышын камсыз кылууга, натыйжалуу башкарууга жана пайдалануудан пайда алууга;
7) Ишкананын кызматкерлери үчүн эмгектин коопсуз шарттарын камсыз кылууга жана алардын ден соолугуна жана эмгекке жарамдуулугуна келтирилген зыян үчүн белгиленген тартипте жоопкерчилик тартууга;
8) бюджетке төлөмдөр жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган башка милдеттүү төлөмдөр боюнча милдеттенмелерди өз убагында аткарууга;
9) белгиленген мөөнөттө тийиштүү органдарга бюджеттин аткарылышы жана финансы-чарбалык иштин натыйжалары жөнүндө ар кварталдык жана ар жылдык отчетторду берүүгө;
10) "Кыргыз Республикасынын стратегиялык объекттери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык объекттин иштөө тартибин камсыз кылууга, ошондой эле стратегиялык объекттердин иштөө жана эксплуатациялоо режимине карата талапты камсыз кылууга.
16. Ишкананын кызматкерлери мамлекеттик, кызматтык жана мыйзам менен корголгон башка сырларды, анын ичинде Ишканада ишин токтоткондон кийин Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сырлар жана жеке мүнөздөгү маалыматтар чөйрөсүндөгү мыйзамдарында белгиленген мезгилдин ичинде сактоого, кызматтык милдеттерин аткарууда алынган жарандардын жеке жашоосуна, ар-намысына жана кадыр-баркына тиешелүү маалыматтарды жашыруун сактоого милдеттүү.
4-глава. Мамлекеттик башкаруу органынын компетенциясы
17. Ишкананын мамлекеттик башкаруу органынын компетенциясына төмөнкүлөр кирет:
1) Ишкананын уставын иштеп чыгуу, ушул Уставга өзгөртүүлөрдү жана (же) толуктоолорду киргизүү же Уставды жацы редакцияда бекитүү боюнча сунуштарды даярдоо;
2) Ишкананы кайра уюштуруу жана жоюу боюнча уюштуруучуга сунуштарды киргизүү;
3) Ишкананын жылдык бюджетинин долбоорун макулдашуу;
4) Ишкананы өнүктүрүүнүн стратегиялык планын бекитүү;
5) Ишкананын финансы-чарбалык ишинин натыйжалуулугунун тармактык көрсөткүчтөрүн иштеп чыгуу жана бекитүү;
6) Ишкананы өнүктүрүүнүн стратегиялык планын ишке ашырууну талдоо жана мониторинг жүргүзүү;
7) Ишкананын жетекчисинин кызмат ордуна талапкерлер үчүн квалификациялык талаптарды бекитүү;
8) кийин Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасына сунуштоо үчүн мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органга Ишкананын жетекчисинин кызмат ордуна дайындоо үчүн талапкерлерди киргизүү;
9) коммерциялык эмес уюмдардын жана (же) коммерциялык, юридикалык жактардын фонддорунун, ассоциацияларынын (бирликтеринин) ишине Ишкананын катышуусун (мүчөлүгүн) макулдашуу;
10) мамлекеттик ишканалардын ишин жөнгө салуучу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана ушул Уставга ылайык мамлекеттик башкаруу органынын компетенциясына кирген башка маселелерди чечүү.
18. Ишкананын мамлекеттик башкаруу органы төмөнкүлөргө укуктуу:
1) тейлеген иш чөйрөсүндөгү тармактык саясаттын маселелерине тиешелүү көрсөтмөлөрдү Ишканага берүү;
2) Ишканадан анын финансы-чарбалык иши жөнүндө маалыматты, финансылык (бухгалтердик) отчеттуулук документтерин, ошондой эле финансы-чарбалык ишине жана Ишкананы өнүктүрүүнүн стратегиялык планына талдоо жүргүзүү үчүн зарыл болгон материалдарды, маалыматтарды жана түшүндүрмөлөрдү суроого жана алууга;
3) өзүнүн компетенциясына кирген маселелерди чечүү үчүн Ишкананын аймагына барууга;
4) аткаруу органынын отчетторун угууга;
5) мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органга Ишкананын жетекчисин кызмат ордунан бошотуу, ага карата тартиптик жаза чараларын колдонуу же сыйлоо жөнүндө сунуштарды киргизүүгө.
Мамлекеттик башкаруу органы мамлекеттик ишканалардын ишин жөнгө салуучу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана ушул Уставда каралган башка укуктарга да ээ.
19. Ишкананын мамлекеттик башкаруу органы төмөнкүлөргө милдеттүү:
1) Ишкананы башкаруу органдарын өз убагында түзүүнү камсыз кылууга;
2) Ишкананын ишине байланышкан Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечимдеринин долбоорлорун демилгелөөнү жана илгерилетүүнү камсыз кылууга;
3) укук коргоо органдарына Ишкананын жетекчилери жана кызматкерлери тарабынан Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузуу фактылары ага белгилүү болгондугу жөнүндө маалымдоого;
4) коммерциялык же мыйзам менен корголуучу башка сыр болуп саналган Ишкананын иши жөнүндө маалыматты үчүнчү жактарга таратпоого;
5) ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын суроо-талаптары боюнча Ишкананын иши жөнүндө маалыматты белгиленген тартипте берүүгө.
Мамлекеттик башкаруу органы мамлекеттик ишканалардын ишин жөнгө салуучу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана ушул Уставда каралган башка милдеттерди да аткарат.
5-глава. Мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын компетенциясы
20. Мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын компетенциясына төмөнкүлөр кирет:
1) уюштуруучуга Ишкананы кайра уюштуруу же жоюу боюнча сунуштарды киргизүү;
2) Ишкананын түзүмүн жана штаттык расписаниесин макулдашуу;
3) Ишкананын жылдык бюджетин, финансы-чарбалык ишинин жыйынтыгы жөнүндө отчетту, республикалык бюджетке чегерилүүгө тийиш болгон таза пайданын бөлүгүнүн өлчөмүн бекитүү;
4) Ишкананын финансы-чарбалык ишине талдоо жана мониторинг жүргүзүү;
5) Ишкананын жетекчисинин жана анын орун басарынын ишинин натыйжалуулугунун негизги көрсөткүчтөрүн бекитүү;
6) Ишкананын жетекчисинин жана анын орун басарынын ишин баалоо;
7) Ишкананын жетекчисине жана анын орун басарына сый акы төлөө тартибин бекитүү;
8) мамлекеттик башкаруу орган менен макулдашуу боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасына Ишкананын жетекчисин кызмат ордуна дайындоо жана кызмат ордунан бошотуу жөнүндө сунуштарды киргизүү;
9) Ишкананын жетекчисинин сунушу боюнча Ишкананын жетекчисинин орун басарын кызмат ордуна дайындоо жана кызмат ордунан бошотуу;
10) Ишкананын жетекчисине жана анын орун басарына карата иш берүүчүнүн укуктарын жана милдеттерин аткаруу;
11) Ишкананын жетекчиси менен эмгек келишиминин типтүү формасын бекитүү;
12) Ишкананын жетекчиси жана анын орун басары менен эмгек келишимин түзүү;
13) канааттандырарлык эмес иши үчүн мамлекеттик ишканалардын жетекчилери катары ыйгарым укуктары токтотулган адамдардын реестрин жүргүзүү;
14) Ишканага таандык мүлктү багыты боюнча пайдаланууну жана сакталышын контролдоо;
15) мамлекеттик ишканалардын ишин жөнгө салуучу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана ушул Уставда мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын компетенциясына кирген башка маселелерди чечүү.
21. Мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган төмөнкүлөргө укуктуу:
1) Ишканадан анын финансы-чарбалык иши жөнүндө маалыматты, финансылык (бухгалтердик) отчеттун документтерин, ошондой эле мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын Кыргыз Республикасынын мамлекеттик ишканалардын ишин жөнгө салуучу мыйзамдарында белгиленген ыйгарым укуктарын талаптагыдай аткаруу үчүн зарыл болгон башка материалдарды, маалыматтарды жана түшүндүрмөлөрдү сурап алууга;
2) Ишкананын жетекчисинин ишин баалоонун жана Ишкананын финансы-чарбалык ишинин натыйжалуулугун талдоонун негизинде Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасына Ишкананын жетекчисин кызмат ордунан бошотуу, ага карата сыйлоо же тартиптик жаза чараларын колдонуу жөнүндө сунуштарды киргизүүгө;
3) Ишкананын финансы-чарбалык ишинин натыйжалуулугун талдоонун негизинде Ишкананын жетекчисинин орун басарын кызмат ордунан бошотууга, ага карата сыйлоо же тартиптик жаза чараларын колдонууга;
4) Ишканага тышкы аудит жүргүзүүнү демилгелөөгө;
5) Ишканада ички аудит кызматын түзүү жөнүндө чечим кабыл алууга;
6) Ишканага тиешелүү мүлктү натыйжалуу пайдаланууну, өз багытында пайдаланууну жана сактоону контролдоо максатында жооптуу кызматкерлерге Ишкананын аймагына барып кароо жана текшерүү үчүн ыйгарым укук берүүгө.
6-глава. Ишкананын аткаруу органы
22. Ишкананын аткаруу органы болуп анын жетекчиси -Ишкананын директору (же башкы директору) эсептелет, ал Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы тарабынан кызматка дайындалат.
23. Ишкананын жетекчиси мамлекеттик башкаруу органы сунуш кылган, ишкананын жетекчиси кызмат ордунун квалификациялык талаптарына ылайык келген талапкерлердин ичинен мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы тарабынан кызматка дайындалат.
24. Мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын жетекчиси Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы тарабынан Ишкананын жетекчисинин кызмат ордуна дайындалган адам менен үч жылдык мөөнөткө эмгек келишимин түзөт. Ишкананын жетекчиси эмгек келишимин түзгөндөн кийин өзүнүн кызматтык милдеттерин аткарууга киришет.
Эмгек келишими Ишкананын финансы-чарбалык ишинин натыйжалуулугунун тармактык көрсөткүчтөрүнө жетүү боюнча жобону камтууга тийиш, анын өлчөмү, тизмеги жана жол берилген мааниси стратегиялык өнүктүрүү планына ылайык белгиленет.
25. Ишкананын жетекчиси кызмат ордунан Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы тарабынан мамлекеттик башкаруу органы менен макулдашылган мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын сунушу боюнча бошотулат.
26. Ишкананын жетекчиси төмөнкү учурларда ээлеген кызматынан мөөнөтүнөн мурда бошотулушу мүмкүн:
1) Ишкананын жылдык финансы-чарбалык ишинин жыйынтыгы жөнүндө отчетту кароонун натыйжасында канааттандырарлык эмес баа алуу;
2) ишинин натыйжалуулугунун негизги көрсөткүчтөрү аткарылбаса;
3) эмгек келишими боюнча милдеттер аткарылбаган же талаптагыдай аткарылбаган;
4) Ишкананын финансы-чарбалык ишинин көрсөткүчтөрүнүн начарлашына алып келген квалификациясыз аракеттер;
5) Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарында каралган башка негиздер боюнча.
Ишкананын жетекчисин кызматтан бошотуу мамлекеттик башкаруу органынын жетекчиси менен түзүлгөн эмгек келишимин бузууга алып келет.
27. Ишкананын жетекчисинин компетенциясына төмөнкүлөр кирет:
1) Ишкананын учурдагы финансы-чарбалык ишин башкаруу;
2) Ишкананын стратегиялык өнүктүрүү планын (бизнес-планын) ишке ашыруу;
3) мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын бекитүүсүнө Ишкананын алдыдагы жылга бюджетинин долбоорун жана өткөн жыл үчүн бюджеттин аткарылышы жөнүндө отчетун киргизүү;
4) Ишкананын финансы-чарбалык иши жана стратегиялык өнүктүрүү планынын аткарылышы жөнүндө кварталдык жана жылдык отчетторду даярдоо жана берүү;
5) Ишкананын тармактык саясат маселелери боюнча мамлекеттик башкаруу органынын чечимдерин аткарууну уюштуруу;
6) мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган менен макулдашуу боюнча Ишкананын уюштуруу түзүмүн жана штаттык расписаниесин бекитүү;
7) кызматкерлерди жалдоо жана жумуштан бошотуу шарттарын, анын ичинде эмгек акы төлөө фондун бекитүү;
8) кызматкерлердин ишинин натыйжалуулугунун негизги көрсөткүчтөрүн бекитүү;
9) Ишкананын уюштуруу-тескөө документтерин кабыл алуу;
10) бухгалтердик жана статистикалык эсепке алууну уюштуруу;
11) бул Уставга ылайык башка маселелер боюнча чечим кабыл алуу.
28. Ишкананын жетекчиси төмөнкү укуктарга ээ:
1) мамлекеттик башкаруу органына жана мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органга алардын компетенциясына кирген маселелер боюнча сунуштар жана кеңештер менен кайрылуу;
2) Ишкананын максаттарына жана милдеттерине, Ишкананын Уставына жана стратегиялык өнүктүрүү планына ылайык жарандык-укуктук келишимдерди түзүү;
3) Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарында, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик ишканалардын ишин жөнгө салуучу мыйзамдарында жана ушул Уставда каралган тартипте Ишкананын мүлкүн башкаруу;
4) Ишкананын алдында турган максаттарды жана милдеттерди ишке ашыруунун алкагында мамлекеттик органдардан, ишканалардан, мекемелерден жана уюмдардан зарыл маалыматтарды талап кылуу жана алуу;
5) Кыргыз Республикасынын мамлекеттик ишканалардын ишмердигин жөнгө салуучу мыйзамдарына жана ушул Уставга ылайык башка укуктарга ээ.
29. Ишкананын жетекчиси төмөнкүлөргө милдеттүү:
1) мамлекеттик башкаруу органынын, мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын суроо-талабы боюнча Ишкананын финансы-чарбалык иши жөнүндө отчетторду, маалыматтарды, финансылык (бухгалтердик) отчеттуулук документтерин, ошондой эле Ишкананын финансы-чарбалык ишин жана стратегиялык өнүктүрүү планын талдоо үчүн зарыл болгон материалдарды, маалыматтарды, сунуштарды жана түшүндүрмөлөрдү берүүгө;
2) Мамлекеттик башкаруу органынын кароосуна чечим кабыл алууну талап кылган маселелерди киргизүүгө, ошондой эле аны Ишкананын ишинин бардык чөйрөсүнө байланыштуу бардык зарыл маалымат жана документтер менен камсыз кылууга;
3) Ишкананын кызматкерлеринин эмгек коопсуздугун камсыз кылууга;
4) Ишкананын кызматкерлери тарабынан Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын бузулушунун өзүнө белгилүү фактылары жөнүндө укук коргоо органдарына маалымдоого;
5) Ишкананын иши жөнүндө коммерциялык же мыйзам тарабынан корголуучу башка жашыруун сыр болуп саналган маалыматты үчүнчү жактарга ачыктабоого;
6) ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын суроо-талаптары боюнча белгиленген тартипте ишкананын иши жөнүндө маалыматтарды берүүгө.
Ишкананын жетекчиси ошондой эле Кыргыз Республикасынын мамлекеттик ишканалардын ишмердигин жөнгө салуучу мыйзамдарында жана ушул Уставда каралган башка милдеттерди аткарат.
30. Ишкананын жетекчисинин чечимдери буйрук формасында кабыл алынат.
Жетекчи:
- Ишкананын атынан ишеним катсыз аракеттенет;
- Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бийлик органдарында жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында, ишканаларында жана мекемелеринде Ишкананын кызыкчылыгын жактайт;
- Ишкананын кызматкерлерин жумушка кабыл алат жана бошотот;
- Ишкананын кызматкерлерине карата тартиптик жаза чараларын жана сыйлоо чараларын көрөт;
- компетенциясынын чегинде Ишкананын бардык кызматкерлери үчүн аткарууга милдеттүү болгон буйруктарды чыгарат, алардын аткарылышын контролдойт;
- Ишкананын кызматкерлерине ишеним кат берет;
- Кыргыз Республикасынын мамлекеттик ишканалардын ишмердигин жөнгө салуучу мыйзамдарында жана ушул Уставда каралган ыйгарым укуктарынын чегинде Ишкананын финансы каражаттарын, мүлкүн жана башка активдерин тескейт;
- Ишкананын финансылык (бухгалтердик) отчётторунун абалы, финансы каражаттарынын, мүлкүнүн жана башка активдеринин максаттуу пайдаланылышы, өндүрүштө коопсуздук техникасынын сакталышы үчүн жеке жоопкерчилик тартат;
- Кыргыз Республикасынын мамлекеттик ишканалардын ишмердигин жөнгө салуучу мыйзамдарына жана ушул Уставга ылайык башка ыйгарым укуктарды ишке ашырат.
31. Ишкананын жетекчисинин бир же бир нече орун басары болот, алар мамлекеттик башкаруу органынын сунушу боюнча мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган тарабынан кызматка дайындалат жана кызматтан бошотулат.
Ишкананын жетекчиси ээлеген кызматынан мөөнөтүнөн мурда бошотулган учурда Кыргыз Республикасынын мамлекеттик ишканалардын ишмердигин жөнгө салуучу мыйзамдарына ылайык бош кызмат ордун ээлегенге чейин анын милдеттерин аткаруу жетекчинин орун басарларынын бирине жүктөлөт.
7-глава. Ишкананын жетекчилик курамы
32. Ишкананын жетекчилик курамына төмөнкүлөр кирет:
1) директор (башкы директор), директордун орун басары;
2) башкы бухгалтер.
33. Ишкананын жетекчилик курамына кирген адамдар өз укуктарын ишке ашырууда жана милдеттерин аткарууда Ишкананын уставдык максаттарына жана милдеттерине ылайык мамлекеттин кызыкчылыгында аракеттенүүгө тийиш.
Жетекчилик курамга кирген адамдар мамлекеттик, коммерциялык же мыйзам менен корголуучу башка сыр болуп саналган Ишкананын иши жөнүндө маалыматтын купуялуулугун сактоого милдеттүү.
34. Ишкананын жетекчилик курамына төмөнкүлөр кире албайт:
1) менчикке жана экономикалык ишти жүргүзүү тартибине каршы кылмыштар, мамлекеттик жана муниципалдык кызматтын кызыкчылыктарына каршы коррупциялык же башка кылмыштар үчүн соттолгон жактар, анын ичинде жоюлганына карабастан;
2) канааттандырарлык эмес иши үчүн уюмдун жетекчиси кызматынан мурда бошотулган жактар;
3) жеке менчик формасына карабастан чарбалык субъектте мурда жетектөөчү кызмат ордун ээлеп, аны банкроттукка алып келген жактар;
4) мамлекеттик административдик, саясий, атайын кызмат ордун, саясий жана административдик муниципалдык кызмат ордун ээлеген жактар.
Ишкананын жетекчилик курамына кирген жактар кызмат ордун ээлеп турган мезгилде бир эле учурда өз алдынча же ишенимдүү адамдары аркылуу ишкердик жүргүзүүгө, уюштуруучулук-укуктук жана менчик формасынан көз карандысыз коммерциялык юридикалык жактарды башкаруу ишине катышууга укугу жок.
8-глава. Эсеп, пландаштыруу, отчеттуулук
35. Ишкана Кыргыз Республикасынын бухгалтердик эсеп жөнүндө мыйзамдарына ылайык бухгалтердик эсепти жүргүзөт жана финансылык отчеттуулукту түзөт. Ишкананын финансылык отчеттуулугу кварталдык негизде жана ар бир финансылык жылдын жыйынтыгы боюнча түзүлүүгө тийиш.
36. Квартал сайын, отчеттук мезгилден кийинки экинчи айдын 25ине чейин Ишкананын жетекчиси бюджеттин аткарылышынын жүрүшү жана финансылык-чарбалык иштин натыйжалары жөнүндө отчетторду берет:
1) ички аудиторго (ички аудит кызматына);
2) Ишкананын мамлекеттик башкаруу органына;
3) мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органга.
37. Ишкана стратегиялык өнүктүрүү планына жана анын негизинде иштелип чыккан жылдык бюджетке ылайык финансылык-чарбалык ишти жүзөгө ашырат.
Стратегиялык өнүктүрүү планы Ишкана тарабынан үч жылдык мезгилге иштелип чыгат жана мамлекеттик башкаруу органы тарабынан бекитилет.
38. Ишкананын стратегиялык өнүктүрүү планына төмөнкүлөр камтылууга тийиш:
1) Ишкананын ишинин максаты жана негизги багыттарынын түзүмү;
2) Ишкана өндүргөн товарлардын (жумуштун, кызмат көрсөтүүлөрдүн) тармагы жана рыногу, мүнөздөмөсү;
3) Ишкана өндүргөн товарлардын (жумуштун, кызмат көрсөтүүлөрдүн) рыногунда мамлекеттин катышуу зарылдыгынын негиздемеси;
4) Ишкананын финансылык жана мүлктүк абалына баа берүү;
5) товарларды (жумушту, кызмат көрсөтүүлөрдү) өндүрүү планы;
6) уюштуруучулук планы;
7) финансылык планы;
8) тобокелдиктерди талдоо.
39. Жыл сайын 1-мартка чейинки мөөнөттө Ишкананын жетекчиси мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органга мамлекеттик башкаруу органы менен макулдашылган Ишкананын келерки жылга карата бюджетинин долбоорун жана финансы-чарбалык ишинин жыйынтыгы жөнүндө отчетту, анын ичинде Ишкананын өткөн жылдагы бюджетинин аткарылышы жөнүндө отчетту берет.
40. Ишкана финансы-чарбалык ишинин жылдык жыйынтыгы боюнча мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган тарабынан бекитилген таза пайданын бөлүгүнүн өлчөмүн, бирок 50 пайыздан кем эмесин анын алыш-бериш эсебине которот, андан ары отчеттук мезгилден кийинки жылдын 1-апрелине чейинки мөөнөттө республикалык бюджетке жиберет.
9-глава. Ишкананын мүлкү
41. Ишкананын мүлкү жана пайдасы мамлекеттик менчик болуп саналат жана ушул Устав менен аныкталган максаттарга жетүү жана милдеттерди жана функцияларды ишке ашыруу үчүн Ишканага бекитилип берилет.
42. Ишкананын мүлкүн түзгөн булактар төмөнкүлөр болуп саналат:
1) Ишканага чарба жүргүзүү, оперативдүү башкаруу укугунда бекитилип берилген мүлк;
2) бекитилип берилген мамлекеттик мүлктү пайдалануунун натыйжасында алынган мүлк, анын ичинде киреше, түшүм, продукция;
3) чарбалык иштин натыйжасында алынган кирешелер;
4) гранттар, банктардын жана башка кредиторлордун кредиттери;
5) юридикалык жана жеке жактардын ыктыярдуу салымдары;
6) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген башка булактар.
43. Ишкана финансы-чарбалык ишинен алган кирешесинин эсебинен же башка булактардан кайрадан түзгөн, алган же сатып алган мүлк мамлекеттин менчиги болуп саналат жана ага чарба жүргүзүү укугунда бекитилип берилет.
44. Ишкана мүлктү уставдык максаттарына жана ишинин предметине ылайык, экономикалык максатка ылайыктуулугун жана Ишкананы уюштуруучунун кызыкчылыктарын эске алуу менен пайдаланат.
45. Ишкана өзүнүн мүлкүн инвентаризациялоого жана инвентаризациялоонун жыйынтыгын мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган аныктаган тартипте жана мөөнөттө берүүгө милдеттүү.
10-глава. Ишкананы кайра уюштуруу жана жоюу
46. Ишкана бириктирүү, кошуу, бөлүү, ажыратуу же өзгөртүп түзүү формасында кайра уюштурулат.
Ишкананы бириктирүү, кошуу, бөлүү же ажыратуу формасында кайра уюштуруу жөнүндө чечим мамлекеттик башкаруу органынын, мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан кабыл алынат.
Ишкананы кайра уюштуруу жөнүндө чечим атаандаштык жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурларда жана тартипте монополияга каршы орган менен алдын ала макулдашуу боюнча ишке ашырылат.
47. Ишкана Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарында каралган тартипте мамлекеттик мекемеге же чарбалык коомго өзгөртүп түзүлөт. Ишкананы өзгөртүп түзүүнүн натыйжасында түзүлгөн чарбалык коом бардык, анын ичинде эмгек мамилелери жаатындагы укуктар жана милдеттер боюнча анын укук улантуучусу болуп саналат.
48. Ишкана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган тартипте ачык акционердик коомго же акциясынын (үлүшүнүн) жүз пайызы мамлекеттин менчигинде турган (акционерлештирүү) жоопкерчилиги чектелген коомго айлануу менен өзгөртүп түзүлөт.
49. Ишкана төмөнкү учурларда жоюлат:
1) мамлекеттик башкаруу органынын же мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын демилгеси боюнча;
2) соттун чечиминин негизинде.
50. Ишкананы жоюу үчүн мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын чечими менен жоюлуп жаткан Ишкананын, мамлекеттик башкаруу органынын, мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын жана зарылдыгына жараша башка мамлекеттик органдардын өкүлдөрүнөн турган жоюу комиссиясы түзүлөт.
Жоюу комиссиясын жоюлуп жаткан Ишкананын жетекчиси башкарат.
51. Жоюу комиссиясы дайындалган мезгилден баштап Ишкананын ишин башкаруу жана анын мүлкүн тескөө боюнча ыйгарым укукка ээ болот.
52. Эгерде чарба жүргүзүү укугуна негизделген, жоюлуп жаткан Ишкананын мүлкүнүн наркы кредиторлордун талаптарын канааттандырууга жетишсиз болсо, ал банкроттук жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте гана жоюлушу мүмкүн.
53. Ишкананын ишинин жүрүшүндө түзүлгөн документтер "Кыргыз Республикасынын Улуттук архив фонду жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык колдонулат жана сакталат.