Загрузка документа…
ИСКРА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
2022-жылдын 26-декабры №26
Искра айыл аймагында жайгашкан №207 контурундагы жалпы аянты 25 га жерди “ВосходТехСервис” жоопкерчилиги чектелген коомуна карьерди ижарага берүүжөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 9 беренесине ылайык. “Жер казынасын пайдаланууга жер тилкесин берүү жөнүндө жобонун” 1-пункту, Чүй райондук мамлекетти администрация тарабынан “ВосходТехСервис” ЖЧКна берилген күбөлүгүнүн негизинде, андан сырткары Искра айыл өкмөтүнүн ижарага берүү жер комиссиясынын 2022-жылдын 23-декабрь айында №7 чечимин эске алуу менен Искра айыл аймагында №207 контурда жайгашкан жер тилкесин “Карьерди ижарага берүү жөнүндө” Маселени карап чыгып, талкуулап Искра айылдык кеӊеши:
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. “ВосходТехСервис” ЖЧК на , Искра айыл аймагында жайгашкан карьерди жалпы аянты 25 га жер тилкесин 3 жылдык мөөнөткө ижарага берилсин.
2. Бул токтомдун көзөмөлдөө жагы Искра айыл өкмөтүнүн туруктуу жер комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага: |
| Нурдинов К.А |