Редакцияот 19.06.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

САВАЙ АЙЫЛДЫК ОКРУГУНУН КЕНЕШИНИН

ТОКТОМУ

Савай айылдык кеңешинин (VII-шайланган) депутаттарынын кезексиз сессиясы

 

2023-жылдын 19-июнундагы № 19

 

Республикалык бюджеттен Савай айыл өкмөтүнүн бюджетине түшкөн 9622,6 миллион сомду Савай айыл өкмөтүнө караштуу Ынтымак, Савай, Кыдырша, Кызыл-Шарк айылдарынын башкы планын түзүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндөгү мыйзамынын 34-беренесине ылайык Савай айылдык округунун кезексиз сессиясында Республикалык бюджеттен Савай айыл өкмөтүнүн бюджетине түшкөн 9622,6 миллион сомду Савай айыл өкмөтүнө караштуу Ынтымак, Савай, Кыдырша, Кызыл-Шарк айылдарынын башкы планын түзүү жөнүндөгү сунушун карап чыгып Савай айылдык округунун кеңешинин депутаттары

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Республикалык бюджеттен Савай айыл өкмөтүнүн бюджетине түшкөн 9622,6 миллион сомду Савай айыл өкмөтүнө караштуу Ынтымак, Савай, Кыдырша, Кызыл-Шарк айылдарынын башкы планы түзүлсүн.

2. Мыйзам чегинде иш алып баруу жагы Савай айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл чарба, жайыттар, жер жана курулуш боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.

 

 

Төраганын орун басары

Ш.Тажибаев