Загрузка документа…
САВАЙ АЙЫЛДЫК ОКРУГУНУН КЕНЕШИНИН
ТОКТОМУ
2023-жылдын 19-июнундагы № 20
Савай айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигинде турган 0,34 га жерге “Бүткүл дүйнөлүк жаштар уюму” тарабынан “ФАП”, “Бала бакча”, “Мечит” курулган имараттарына тиешелүү болгон жерди мамлекеттик актын өзүнчө бөлүп муниципалдык баланска алуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндөгү мыйзамынын 34-беренесине ылайык Савай айылдык округунун кезексиз сессиясында Савай айылдык округунун кеңешинин депутаттары
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Савай айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигинде турган 0,34 га жерге “Бүткүл дүйнөлүк жаштар уюму” тарабынан “ФАП”, “Бала бакча”, “Мечит” курулган имараттарына тиешелүү болгон жерди мамлекеттик акты өзүнчө бөлүнсүн.
2. “Бүткүл дүйнөлүк жаштар уюму” тарабынан курулган “ФАП”, “Бала бакча”, “Мечит” муниципалдык баланска алынсын.
3. Мыйзам чегинде иш алып баруу жагы Савай айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл чарба, жайыттар, жер жана курулуш боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
Төраганын орун басары | Ш.Тажибаев |