Загрузка документа…
САВАЙ АЙЫЛДЫК ОКРУГУНУН КЕНЕШИНИН
ТОКТОМУ
2023-жылдын 26-июлундагы № 23
Савай айыл өкмөтүнүн 2023-жылга карата бюджетине өзгөртүү киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодекси 2016-жылдын 16-майындагы №59 Мыйзамынын 109-беренесинин негизинде Савай айылдык округунун кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Савай айыл өкмөтүнүн 2023-жылдын бюджетине өзгөртүү жана толуктоо киргизилсин.
2. Савай айыл өкмөтүнүн ЖКХ 70629 тармагынан 3111 беренесинен -1222,0 миң сом, 70911 тармагынан 3112 беренесинен -300,0 миң сом жалпысы 1522,0 миң сом кыскартылсын.
3. 70111 бөлүмүнүн 2224 беренесине 28,0 миң сом, 70921 бөлүмүнүн 2224 беренесине1170,0 миң сом, 70911 бөлүмүнүн 2224 беренесине 120,0 миң сом көмүр алууга. 70911 бөлүмүнүн 2221 беренесине 124,0 миң сом Батма-Эне балдар бакчасынын ашканасынын чатырын оңдоп түзөөгө. 71092 беренесинин 2721 бөлмүнө 80,0 миң сом Савай айыл аймагындагы жардамга муктаж жарандарга жардамга жылдырылсын.
4. Мыйзам чегинде иш алып баруу ФЭБ башчысына милдеттендирилсин.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы экономика, финансы жана бюджет боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | Б.Мамашов |