САВАЙ АЙЫЛДЫК ОКРУГУНУН КЕНЕШИНИН
ТОКТОМУ
Савай айылдык кеңешинин (VII-шайланган) депутаттарынын 2023-жылдын кезектеги сессиясы
2023-жылдын 26-июлундагы № 24
Савай айыл өкмөтүнүн 2023-жылга социалдык экономикалык өнүгүү планын жана 2023-жылга карата бюджетин бекитүү жөнүндөгү № 1-токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө
Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндөгү Мыйзамынын 14-беренесине таянып, М.Орунбаевдин сунушунун негизинде Савай айылдык округунун кеңешинин депутаттары
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Савай айыл өкмөтүнүн 2023-жылга социалдык экономикалык өнүгүү планын жана 2023-жылга карата бюджетин бекитүү жөнүндөгү № 1-токтомуна өзгөртүү киргизилсин.
2. Савай айыл өкмөтүнүн 2023-жылга социалдык экономикалык өнүгүү планын жана 2023-жылга карата бюджетин бекитүү жөнүндөгү № 1-токтомунун 6 пунктундагы Савай айылына тратуар курууга каралган 70629 беренесинин 3111 бөлүмүндөгү 600,0 миң сом, Курбан-Кара айылына түнкү жарыктандыруу жана электр маамычалараны орнотууга өзгөртүрүлсүн.
4. Мыйзам чегинде иш алып баруу ФЭБ башчысына милдеттендирилсин.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы экономика, финансы жана бюджет боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | Б.Мамашов |