Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2025-жылдын 6-августу № 189
Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Турак жай кодексине, "Аскер кызматчыларынын статусу жөнүндө", "Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздук органдары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
1-берене.
Кыргыз Республикасынын Турак жай кодексине ("Эркин-Тоо" гезити, 2013-жылдын 26-июлу, № 62) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 39-берененин 1-бөлүгүндө:
а) 3-пунктта "жана ошол административдик-аймактык бирдиктин аймагында үч жылдан, республикага баш ийген шаарлар үчүн, ал эми калган аймактарда - бир жылдан кем эмес жашагандар" деген сөздөр алып салынсын;
б) 7-пункт "акыркы беш жылдын" деген сөздөрдөн кийин (Кыргыз Республикасынын "Менин үйүм" мамлекеттик турак жай программасына катышкан учурда 3 жылдын) деген сөздөр менен толукталсын;
2) 59-беренеде:
а) 1-бөлүктө:
- 4-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"4) аскердик кызматты өтөө мезгилинде каза болгон (20 календардык жылдан кем кызмат өтөгөн) аскер кызматчыларынын үй-бүлөлөрүнө;";
- 6-пунктта "эмгек майыптарына" деген сөздөр "майыптарга" деген сөзгө алмаштырылсын;
- 7-пунктта "I жана II топтордогу" деген сөздөр алып салынсын;
б) төмөнкүдөй мазмундагы 3-бөлүк менен толукталсын:
"3. Ушул берененин 1-бөлүгүнүн 4-пунктунда каралган негиздер боюнча кызматтык турак жайларды менчиктештирүүдөн төмөнкүдөй учурларда баш тартылат, эгерде аскер кызматчысынын өлүмү:
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте коомдук коркунучтуу деп таанылган жосунду жасагандыгынын улам келип чыкса;
- анын алкоголго, баңгизатка же уулуу заттарга мас абалда болуусунун натыйжасында келип чыкса;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте өзүнүн ден соолугуна атайын зыян келтирүүнүн же өз жанын кыюунун натыйжасында келип чыкса.".
2-берене.
"Аскер кызматчыларынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ("Эркин-Тоо" гезити, 1992-жылдын августу, 1-тиркеме) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
12-статьяда:
а) он үчүнчү бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Жаш курагы, ден соолугунун абалы, штаттын кыскартылышы же үй-бүлөлүк жана башка маанилүү жагдайлар боюнча запаска бошотулган же отставкага чыккан жана 20 жана андан ашык календардык жыл кызмат өтөгөн аскер кызматчыларына, аскердик кызматтын милдеттерин аткарууда (кызмат өтөө мөөнөтүнө карабастан) курман болгон же каза болгон аскер кызматчысынын үй-бүлө мүчөлөрүнө, аскердик кызматты өтөө мезгилинде каза болгон (20 жана андан ашык календардык жыл кызмат өтөгөн) аскер кызматчыларынын үй-бүлө мүчөлөрүнө жашоого тандаган жери боюнча алар ээлеген же аларга берилген кызматтык квартиралар жеке менчикке акысыз өткөрүп берилет.";
б) он тогузунчу бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Аскер кызматчыларына аскердик кызматын өтөө мезгилинде Кыргыз Республикасынын "Менин үйүм" мамлекеттик турак жай программасына аскердик кызмат өтөгөн ордуна карабастан катышуу укугу берилет.";
в) төмөнкүдөй мазмундагы жыйырма төртүнчү жана жыйырма бешинчи бөлүктөр менен толукталсын:
"Ушул статьянын он үчүнчү бөлүгүндө каралган негиздер боюнча бошотулган аскер кызматчысынын үй-бүлөсүнө алардын турак жай алуу укугу ал каза болгонго чейинки шартта сакталат.
Аскердик кызматты өтөө мезгилинде каза болгон (20 жана андан көп календардык жыл кызмат өтөгөн) аскер кызматчысынын үй-бүлө мүчөлөрүнө кызматтык турак жайды менчиктештирүүдөн төмөнкүдөй учурларда баш тартылат, эгерде аскер кызматчысынын өлүмү:
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте коомдук коркунучтуу деп таанылган жосунду жасагандыгынан улам келип чыкса;
- анын алкоголго, баңгизатка же уулуу заттарга мас абалда болуусунун натыйжасында келип чыкса;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте өзүнүн ден соолугуна атайын зыян келтирүүнүн же өз жанын кыюунун натыйжасында келип чыкса.";
г) эскертүүнүн экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Башка маанилүү жагдайлар - аскердик-дарыгердик комиссия тарабынан тынчтык мезгилинде катардан тышкары аскердик кызматка жарактуу, согуш мезгилинде аскердик кызматка жарактуу деп таанылган учурда, пенсияга укук берген кызмат өтөгөн мөөнөтү боюнча запаска бошотуу, судьянын кызмат ордуна же Кыргыз Республикасынын өкүлчүлүктүү же болбосо мамлекеттик органдарына шайлоо же дайындоо менен шартталган жагдайлар.".
3-берене.
"Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздук органдары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ("Эркин-Тоо" гезити, 2022-жылдын 8-июлу, № 60-61) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
30-берененин 6-бөлүгүндө "алган жаракатынан, контузиясынан же кызмат өтөө мезгилинде оорудан улам" деген сөздөр алып салынсын.
4-берене.
1. Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он кун өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Эркин-Тоо" мамлекетик расмий газетасынын 2025-жылдын 8-августундагы № 59 (3715) жарыяланды
2. Ушул Мыйзамдын 1-беренесинин 2-пунктунун "а" пунктчасынын экинчи жана үчүнчү абзацтарынын, "б" пунктчасынын, 2-беренесинин "в" пунктчасынын жоболору ал күчүнө киргенге чейин пайда болгон турак жай укуктук мамилелерине карата колдонулат.
3. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып эки айлык мөөнөттө өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
| С.Н. Жапаров |
|
|
|
2025-жылдын 26-июнунда |
| Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган |