Загрузка документа…
ЖАҢЫ-ПАХТА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
2025-жыл 13-март № 29-7\2
Туруктуу комиссиянын курамын өзгөртүү жөнүндө
Жаңы-Пахта айылдык кеңешинин депутаттарынын туруктуу комиссиялардын курамын өзгөртүү боюнча сунуштарын талкуулап, Жаңы-Пахта айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Саламаттык сактоо жана билим берүү боюнча комиссиясы жокко чыгарылсын.
2. Саламаттык сактоо жана билим берүү боюнча комиссиянын курамы социалдык маселелер боюнча комиссия курамына кошулуп бекитилсин.
3. Жаңы-Пахта айылдык кеңешинин депутаттар курамынан түзүлгөн туруктуу социалдык маселелер боюнча комиссиянын жаңы курамы бекитилсин.
- Бекматова Т.
- Кенжебаева Т.А.
- Алтыкеева Б.К.
Жаңы-Пахта айылдык кеңешинин төрагасы | Бердигулов А.М |