Загрузка документа…
ЖАҢЫ-ПАХТА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
2025-жыл 13-март № 29-7\1
Жаңы-Жер орто мектеп-комплексине Жусуп Абдрахмановдун ысымын ыйгаруу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 24-июнундагы ПЖ №205, Азыркы Кыргыз мамлекеттүүлүгүн түптөгөн аталар жөнүндө" Жарлыгын аткаруунун алкагында жана Кара Кыргыз Автономиялуу облусунун түзүлгөнүнүн 100 жылдыгына байланыштуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 6-мартындагы 244 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын көрүнүктүү ишмерлеринин элесин түбөлүккө калтыруу боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин алдындагы комиссиясы жөнүндө жобосуна ылайык,Жаңы-Пахта айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жаңы-Жер орто мектеп-комплекси Жусуп Абдрахманов атындагы орто мектеби деп Жусуп Абдрахмановдун ысымы ыйгарылсын.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айыл өкмөт башчысы М.К.Абдыкеримовго жүктөлсүн.
Жаңы-Пахта айылдык кеңешинин төрагасы | Бердигулов А.М |