Загрузка документа…
ЖАҢЫ-ПАХТА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
2025-жыл 13-март № 29-7\3
Четтен алып келинген маркумдарды коюуга чектөө киргизүү жөнүндө
Жаңы-Пахта айыл аймагынын башчысы М.К. Абдыкеримовдун берген маалыматы боюнча четтен алып келинген маркумдарды коюу жөнүндө маалыматын угуп жана талкуулап, Жаңы-Пахта айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Четтен алып келинген маркумдар Жаңы-Пахта айыл өкмөтүнүн аймагында жайгашкан мүрзөлөргө койдурулбасын.
2. Чектөө киргизүү боюнча айыл өкмөт тарабынан атайын комиссия түзүлсүн.
3. Токтомдун аткарылышы Жаңы-Пахта айыл өкмөтүнүн башчысы М.К. Абдыкеримовго жүктөлсүн.
Жаңы-Пахта айылдык кеңешинин төрагасы | Бердигулов А.М |