Загрузка документа…
ЖАҢЫ-ПАХТА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
2025-жыл 13-март № 29-7\4
№296 контурдан 1гектар жер тилкесин таштанды полигону үчүн бөлүп берүү жөнүндө
Жаңы-Пахта айылдык кеңешинин туруктуу жер-агрардык комиссиясынын жана Жаңы-Пахта айыл өкмөтүнүн жер адиси Э. Кенжеевдин №296 контур боюнча маалыматын угуп жана талкуулап, Жаңы-Пахта айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. № 296 контурдагы аянты 1 га жер тилкесин таштанды полигону үчүн бөлүп берүү үчүн 1га жер аянтын трансформация кылууга уруксат берилсин.
2. Токтомдун аткарылышы Жаңы-Пахта айыл өкмөтүнүн башчысы М.К. Абдыкеримовго жүктөлсүн.
Жаңы-Пахта айылдык кеңешинин төрагасы | Бердигулов А.М |