Загрузка документа…
ЖАҢЫ-ПАХТА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
2025-жыл 13-март № 29-7\5
Жаңы-Жер айылынын борборуна коомдук даараткана үчүн жер тилкесин бөлүп берүү боюнча
Жаңы-Пахта айылдык кеңешинин туруктуу жер-агрардык комиссиясынын жана Жаңы-Пахта айыл өкмөтүнүн жер адиси Э.Кенжеевдин №625 контурдагы жер тилкеси жөнүндө маалыматын угуп, талкуулап Жаңы-Пахта айылдык кеңеши:
Токтом кылат:
1. Жаңы-Жер айылынын борборундагы № 625 контурдан коомдук даараткана үчүн жер тилкеси бөлүнүп берилсин.
2. Санитардык жана экологиялык талаптарына жараша жер тилкесинин аянты белгиленсин жана нормаларга дал келсин.
3. Токтомдун аткарылышы Жаңы-Пахта айыл өкмөтүнүн башчысы М.К. Абдыкеримовго жүктөлсүн.
Жаңы-Пахта айылдык кеңешинин төрагасы | Бердигулов А.М |