Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2025-жылдын 4-апрели № 178
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 11-декабрындагы № 800 "Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн, башка аскердик түзүлүштөрүнүн, мыйзамда аскердик кызмат каралган мамлекеттик органдардын аскер кызматчыларына жана укук коргоо органдарынын кызматкерлерине убактылуу турак жайды (жашоо аянтын) жалдагандыгы үчүн акчалай компенсацияны төлөө жөнүндө" токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу
"Аскер кызматчыларынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 12-статьясын ишке ашыруу максатында, ошондой эле "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 11-декабрындагы № 800 "Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн, башка аскердик түзүлүштөрүнүн, мыйзамда аскердик кызмат каралган мамлекеттик органдардын аскер кызматчыларына жана укук коргоо органдарынын кызматкерлерине убактылуу турак жайды (жашоо аянтын) жалдагандыгы үчүн акчалай компенсацияны төлөө жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
жогоруда көрсөтүлгөн токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн, башка аскердик түзүлүштөрүнүн, мыйзамда аскердик кызмат каралган мамлекеттик органдардын аскер кызматчыларына жана укук коргоо органдарынын кызматкерлерине убактылуу турак жайды (жашоо аянтын) жалдагандыгы үчүн акчалай компенсацияны төлөө жөнүндө жободо:
- 2-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"2. Аскер кызматчыларына/кызматкерлерге убактылуу турак жайды (жашоо аянтын) жалдагандыгы үчүн акчалай компенсация жашаган регионуна жараша иш жүзүндөгү баалар боюнча, бирок Бишкек шаарында суткасына 500 сомдон, ал эми региондордо суткасына 420 сомдон көп эмес төлөнөт.".
2. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги 2025-жылга жана кийинки жылдарга республикалык бюджетте ушул токтомдон келип чыгуучу чыгымдарды жабууга акча каражаттарын карасын.
3. Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн, башка аскердик түзүлүштөрүнүн жана мыйзамда аскердик кызмат каралган мамлекеттик органдарынын, ошондой эле Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарынын курамына кирген мамлекеттик органдардын жетекчилери өздөрүнүн чечимдерин ушул токтомго ылайык келтирсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
5. Бул токтом расмий жарыяланууга тийиш жана 2025-жылдын 1-апрелинен тартып күчүнө кирет.
“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2025-жылдын 8-апрелинде № 26 (3682) саны менен жарыяланды.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.А. Касымалиев |