Редакцияот 05.09.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

СУУ-БАШЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Суу-Башы айыл аймагынын айылдык кеңешинин VIII-чакырылышынын кезексиз XIII-сессиясынын

 

2025-жылдын 5 – сентябры №106

Суу-Башы айыл өкмөтүнүн аймагында салтанаттуу иш чараларды коомдук жайларда өткөөрүүнүн убактысын чектөө жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын ”Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” 2021-жылдын 20-октябрындагы №123 Мыйзамынын 34-беренесинин 13-пунктуна, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 24-февралындагы №54 ”Кыргыз Республикасында үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү үрп-адаттарын тартипке келтирүү боюнча чаралар жөнүндө” Жарлыгын, Кыргыз Республикасынын 2024-жылдын 6-декабрындагы № 194 ”Тынчтык жөнүндө” Мыйзамынын талаптарына ылайык, Суу-Башы айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2025-жылдын 4-сентябрындагы № 416 сандуу чыгыш каты жана  Суу-Башы айылдык кеңешинин этика жана мыйзамдуулук маселелери менен социалдык маселелер боюнча  туруктуу комиссияларынын корутундусунун негизинде Суу-Башы айыл аймагынын айылдык кеңеши токтом кылат:

  1. Суу-Башы айыл өкмөтүнүн аймагында салтанаттуу иш чаралар (түрүнө карабастан) коомдук жайларда өткөрүүнүн убактысына чектөө кечки саат         22:00 гө  чейин белгиленсин.

 

  1. Суу-Башы айыл аймагынын калкына жана коомдук жайлардын менчик ээлерине  белгиленген чектөө киргизилгендиги жайылтылсын.

 

  1. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Суу-Башы айылдык кеңешинин этика жана мыйзамдуулук маселелери менен социалдык маселелер боюнча  туруктуу комисссияларына тапшырылсын.

 

  1. Ушул токтом каттоодон өткөрүлүп, suu-bashy.gov.kg веб-сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Баткен облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.

 

  1. Токтом кол коюлган күндөн баштап күчүнө киргизилсин.

 

 

 

 

Төрага:

К.Шакиров