Редакцияот 11.09.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

БАШ-КАЙЫҢДЫ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ 

Депутаттардын кезексиз IX сессиясы

 

2025-жылдын 11-сентябры  № 9/6

 

“Тынчтык жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамын,Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 24-февралындагы № 54 “Кыргыз Республикасында үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү урп-адаттарын тартипке келтирүү боюнча чаралар жөнүндө” Жарлыгын Баш-Кайыңды айыл аймагында ишке ашыруу  жөнүндө

 

       Кыргыз Республикасынын Президенти С.Н.Жапаровдун 2025-жылдын 14-августундагы №27-19633 тапшырмасын аткаруу жана “Тынчтык жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамын,Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 24-февралындагы № 54 “Кыргыз Республикасында үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү үрп-адаттарын тартипке келтирүү боюнча чаралар жөнүндө” Жарлыгын ишке ашыруу максатында Баш-Кайыңды айыл аймагынын айылдык кеңешинин депутаттарынын кезексиз IX сессиясы  токтом кылат :

 

1.      Баш-Кайыңды айыл аймагында “Тынчтык жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамын,Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 24-февралындагы № 54 “Кыргыз Республикасында үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү урп-адаттарын тартипке келтирүү боюнча чаралар жөнүндө” Жарлыгын ишке ашыруу үчүн калк арасында кеңири тушүндүрүү иштери жүргүзүлсүн.

2. Жогоруда аталган Мыйзамда жана Жарлыкта белгиленген салтанатуу иш-чараларды,тойлорду,мааракелерди,маркумду эскерүү үрп-адаттарын Баш-Кайыңды айыл аймагында саат: 22-00 гө чейин өткөрүү жана жыйынтыктоо белгиленсин.

 

3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу Баш-Кайыңды айыл аймагынын     айыл өкмөтүнүн башчысы А.Жумалиевге милдеттендирилсин.

 

4. Бул токтомду массалык маалымат каражаттарына жарыялап, ченемдик

            укуктук     актылардын мамлекеттик реестрине киргизүү  айылдык   

           кеңештин      катчысы А.Чукулуковго  тапшырылсын.

 

 

 

 

 

Төрага

А. Бокоев