Редакцияот 11.09.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

2025-жылдын 11-сентябры № 3381-VII

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум

өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын мүчөсү

Култаева Гулшаркан Оконовнаны ээлеген кызмат

ордунан мөөнөтүнөн мурда бошотуу жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 80-беренесинин 3-бөлүгүнүн 6-пунктун, “Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 9-беренесинин 5-бөлүгүнүн 1-пунктун, “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 123-беренесинин 1-бөлүгүн жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши токтом кылат:

 

1. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын мүчөсү Култаева Гулшаркан Оконовнаны өз каалоосу боюнча кызмат ордунан мөөнөтүнөн мурда бошотуу жөнүндө арызы эске алынсын.

 

2. Өз каалоосу боюнча жазуу жүзүндө берген арызына ылайык Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын мүчөсү Култаева Гулшаркан Оконовна ээлеген кызмат ордунан мөөнөтүнөн мурда бошотулсун.

 

3. Ушул токтом кабыл алынган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

 

Төраганын орун басары

Ж.Э. Садырбаева