Редакцияот 19.09.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ

 

2025-жылдын 19-сентябры № 802-т

 

“Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:

 

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 27-майындагы № 417-т тескемесине төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

жогоруда көрсөтүлгөн тескеме менен түзүлгөн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын системалуу инвентаризациялоо боюнча (ченемдерди бюрократиядан арылтуу предметине) ведомстволор аралык эксперттик топтун курамында:

– биринчи абзацта “биринчи орун басары” деген сөздөр “орун басары” деген сөздөргө алмаштырылсын;

– төмөнкүдөй мазмундагы абзацтар менен толукталсын:

“Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын төрагасынын биринчи орун басары;

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басары;

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын орун басары.”.

 

 

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы

 

А.А. Касымалиев