Загрузка документа…
ЖАҢЫ-ПАХТА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
2025-жыл 19-март № 29-8\2
Ак-Кашат толук эмес орто мектебине Төрөкул Жанузаковдун ысымын ыйгаруу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 24-июнундагы ПЖ №205 ,,Азыркы Кыргыз мамлекеттүүлүгүн түптөгөн аталар жөнүндө" Жарлыгын аткаруунун алкагында жана Кара Кыргыз Автономиялуу облусунун түзүлгөнүнүн 100 жылдыгына байланыштуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 6-мартындагы 244 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын көрүнүктүү ишмерлеринин элесин түбөлүккө калтыруу боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин алдындагы комиссиясы жөнүндө жобосуна ылайык, Жаңы-Пахта айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ак-Кашат толук эмес орто мектеби Төрөкул Жанузаков атындагы орто мектеби деп Төрөкул Жанузаковдун ысымы ыйгарылсын.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айыл өкмөт башчысы М.К.Абдыкеримовго жүктөлсүн.
Жаңы-Пахта айылдык кеңешинин төрагасы |
| Бердигулов А.М |