ЖАҢЫ-ПАХТА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
XXIX чакырылыштын 8-кезексиз сессиясы
2025-жыл 19-март № 29-8\3
Маркумдуу узатуудагы тарифтер жөнүндө
«Маркумду узатуу жана сөөгүн жайга коюу иши жөнүндө” Кыргыз Республикасынын 2024-жылдын 22-февралындагы № 53 Мыйзамынын 10-13-беренелерине ылайык, Жаңы-Пахта айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Сөөктү жайга коюу үчүн керектүү документтерди тариздөө 1-тиркеменин 1-пунктунун негизинде бекитилсин
2. 1-тиркеменин 2,3,4,5-пункттары боюнча айыл ичинде кызмат көрсөтүүлөр эл тарабынан бекер көрсөтүлөт .
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айыл өкмөт башчысы М.К.Абдыкеримовго жүктөлсүн.
Жаңы-Пахта айылдык кеңешинин төрагасы |
| Бердигулов А.М |
| 1-тиркеме Жаңы-Пахта айыл өкмөтүнүн 2025-жылдын 19-мартындагы № 29-8/3 токтому менен бекитилди |
№ | Иш-чаранын аталышы | Иш-чараны баяндоо | Болжолдуу наркы |
1 | Сөөктү жайга коюу үчүн керектүү документтерди тариздөө; | Өлүм жөнүндөгү медициналык күбөлүк, справкалар ж.б. документтерди даярдоо | 2000 |
2 | Денени кепинге ороо (кийинүү); | Өлгөн адам үчүн кийим сатып алуу, денени көмүүгө даярдоо | --- |
3 | Сөөктү жайга коюу үчүн зарыл болгон капкактуу табытты, кепинди, табытты берүү жана жеткирүү; | Табытты даярдап жеткирүү жана берүү | --- |
4 | Каза болгон адамды көрүстөнгө(крематорийге) ташып баруу; | Денени көрүстөнгө же крематорийге алып баруу үчүн транспорт кызматы | --- |
5 | Сөөктү жайга коюу (көрдү казуу жана көмүү) | Мүрзөнү даярдоо, көмүү жана эстелик орнотуу кызматтары | --- |