Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2025-жылдын 31-июлу № 184
Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына ("Кыргыз Республикасында жекече турак-жай курулушу жөнүндө", "Экологиялык экспертиза жөнүндө", "Кыргыз Республикасында экологиялык коопсуздукту камсыз кылуу боюнча жалпы техникалык регламент" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
1-берене.
"Кыргыз Республикасында жекече турак-жай курулушу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Советинин Ведомосттору, 1991-ж., № 22, 700-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
9-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"9-статья. Жекече турак үйдү куруу үчүн негиз
Жекече турак үйдү куруу Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталган тартипте белгиленген уруксат берүү документтеринин негизинде жүзөгө ашырылат.".
2-берене.
"Экологиялык экспертиза жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы 1999-ж., № 12, 528-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 1-статья төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын:
"Чек ара аралык таасир этүү - физикалык булагы "Кыргыз Республикасынын БУУнун Европалык Экономика Комиссиясынын чек ара аралык контекстте айлана-чөйрөгө таасир этүүгө баа берүү жөнүндө Конвенциясына кошулуу тууралу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык башка Тараптын юрисдикциясына кирген райондун чегинде жайгашкан белгиленген иштен келип чыгуучу, тигил же бул Тараптын юрисдикциясындагы райондогу глобалдуу мүнөздөгү эле эмес, ар кандай таасир.";
2) 8-статьянын биринчи бөлүгүнүн экинчи абзацы күчүн жоготту деп таанылсын;
3) 11-статьянын экинчи бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Эксперттик комиссиянын курамына экологиялык экспертиза боюнча атайын ыйгарым укук берилген мамлекеттик органдын штаттык кызматкерлери жана компетенциясына айлана-чөйрөнү коргоо маселелери кирген адистер киргизилет.";
4) 12-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"12-статья. Мамлекеттик экологиялык экспертизаны жүргүзүү мөөнөттөрү
Мамлекеттик экологиялык экспертизаны жүргүзүү мөөнөттөрү экспертизанын объектисинин татаалдыгы менен аныкталат:
- чек ара аралык таасири бар объекттер - 60 жумуш күн;
- коркунучтуулуктун I категориясындагы обьекттер - 40 жумуш күн;
- коркунучтуулуктун II категориясындагы объекттер - 20 жумуш күн;
- коркунучтуулуктун III категориясындагы объекттер - 10 жумуш күн.".
3-берене.
"Кыргыз Республикасында экологиялык коопсуздукту камсыз кылуу боюнча жалпы техникалык регламент" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы 2009-ж., № 5, 468-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 15-берененин 1-бөлүгүнүн 1-пунктундагы "калдыктарды" деген сөз "тоо кен калдыктарын" деген сөздөргө алмаштырылсын;
2) 2-тиркемеде:
5-бөлүмдүн 2-пунктунун 2 жана 3-пунктчалары төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"2) калдыктарды көмүүчү же узакка сактоочу объекттер балансында бар болгон же эксплуатацияланган (полигондор, шлам жана калдык сактагычтар, тоо кен калдыктары, жакыр рудалардын калдыктары, күл калдыктары ж.б.);
3) түзүлүүчү калдыктардын саны айыл чарба жана тамак-аш өнөр жай ишканалары үчүн 5 миң т ашат жана башка ишканалар үчүн жылына - 300 т ашык (тоо кен калдыктарынан тышкары);".
4-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети алты айлык мөөнөттө өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
Эркин-Тоо" мамлекетик расмий газетасынын 2025-жылдын 5-августундагы № 58 (3714) жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Президенти |
| С.Н. Жапаров |
|
|
|
2025-жылдын 26-июнунда |
| Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган |