Загрузка документа…
ЖАҢЫ-ПАХТА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
2025-жыл 19-март № 29-8\6
Таштандыларды ташып чыгуу үчүн жыйымдын ставкасын колдонууга киргизүү жана ставкасын белгилөө жөнүндө
Салык, салык эмес кирешелер жөнүндө Кыргыз Республикасынын кодексинин 73, 74, 75, 76-беренесинин 2- жана 3- бөлүктөрүнө жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 31-декабрында №662 токтомунун калктуу конуштардын аймактарынын таштандыларды ташып чыгаруу үчүн жыйым боюнча эсептөөнү толтуруу жана берүү тартибинин 3-пунктуна ылайык, Жаңы-Пахта айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жаңы-Пахта айыл аймагынын аймагында таштанды чыгаруу үчүн жыйым ишке киргизилсин
2. Жеке жана юридикалык жактар- ишкердик иши үчүн төмөндөгүдөй бекитилсин:
3. Таштанды чыгаруу үчүн жыйымдын ставкасы ар бир иштеген кызматкерге жыл сайын 100 сом өлчөмүндө.
4. Таштанды чыгаруу үчүн жыйымды эсептөө мөөнөтү жыл сайын 1-майга чейин.
5. Таштанды чыгаруу үчүн жыйымдын төлөө мөөнөтү жыл сайын 1-июнга чейин.
6. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Жаңы-Пахта айыл өкмөтүнүн башчысы М.К. Абдыкеримовго жүктөлсүн.
Жаңы-Пахта айылдык кеңешинин төрагасы |
| Бердигулов А.М |