Загрузка документа…
ЖАҢЫ-ПАХТА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
2025-жыл 19-март № 29-8\8
Жер адисинин акы төлөнүүчү кызматтарынын өлчөмүн бекитүү жөнүндө
Жаңы-Пахта айыл өкмөтүнүн башчысы М.К.Абдыкеримовдун жер адисинин көрсөткөн кызматтары жөнүндө маалыматын угуп жана талкуулап, Жаңы-Пахта айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жер адисинин жерине барып, жердин чегин аныктоо жана тактоо үчүн 800сом өлчөмүндө каражат бекитилсин.
2. Жерлерди бөлүштүрүү актылары (акт отвода ) үчүн 500 сом бекитилсин.
3. Бекитилген акчалай каражаты жер адисинин жолдомосу менен Жаңы-Пахта айыл өкмөтүнүн атайын өздүк эсебине төгүлсүн.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Жаңы-Пахта айыл өкмөтүнүн башчысы М.К. Абдыкеримовго жүктөлсүн.
Жаңы-Пахта айылдык кеңешинин төрагасы |
| Бердигулов А.М |