Загрузка документа…
ЖАҢЫ-ПАХТА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
2025-жыл 19-март № 29-8\9
Муниципалдык базарга соода-сатык оруну үчүн тарифтерди бекитүү
Жаңы-Пахта айыл өкмөтүнүн башчысы М.К.Абдыкеримовдун муниципалдык жер тилкесинде соода-сатык кылуу оруну үчүн тарифтер жөнүндө маалыматын угуп жана талкуулап, Жаңы-Пахта айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Муниципалдык жер тилкесинде соода-сатык кылуу оруну үчүн ар бир ишкерге ай сайын 1 жер үчүн 100 сомдон төлөм бекитилсин.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Жаңы-Пахта айыл өкмөтүнүн башчысы М.К. Абдыкеримовго жүктөлсүн.
Жаңы-Пахта айылдык кеңешинин төрагасы |
| Бердигулов А.М |