Загрузка документа…
ЖАҢЫ-ПАХТА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
2025-жыл 19-март № 29-8\10
Таштандыларды жыйноо боюнча тарифти бекитүү жөнүндө
“Жаңы-Аймак” муниципалдык ишканасынын директору Кемелбаев Уланбек Нарботоевичтин таштандыларды, тиричилик калдыктарын чогултуу боюнча учурдагы абалы жөнүндө маалыматын угуп жана талкуулап, Жаңы-Пахта айылдык кеңешинин депутаттары
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Таштандыларды чогултуп чыгаруу үчүн кабыл алынган Токтом № 29-6\8 жокко чыгарылсын.
2. Таштандыларды чогултуп чыгаруу үчүн тарифтик төлөм ай сайын ар бир киши башынан 30 (отуз) сомдон бекитилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Муниципалдык ишкананын директору Кемелбаев Уланбек Нарботоевичке жүктөлсүн.
Жаңы-Пахта айылдык кеңешинин төрагасы |
| Бердигулов А.М |