Загрузка документа…
|
| (Кыргыз Республикасыны Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 2-сентябрындагы № 548 токтомуна) тиркеме |
Бактериологиялык (биологиялык) жана уулуу куралдарды иштеп чыгууга, өндүрүүгө жана алардын запастарын топтоого тыюу салуу жана аларды жок кылуу жөнүндө конвенцияны ишке ашыруу тууралуу жобо
1-глава. Жалпы жоболор
1. Ушул Жобо бактериологиялык (биологиялык) жана уулуу куралдарды иштеп чыгууга, өндүрүүгө жана алардын запастарын топтоого тыюу салуу жана аларды жок кылуу жөнүндө конвенциянын (мындан ары – Конвенция) жоболорун колдонууну регламенттейт.
2. Конвенцияны аткаруу боюнча Кыргыз Республикасынын аткаруучу органы болуп экономика жаатындагы мамлекеттик саясатты иштеп чыгуу жана ишке ашыруу боюнча аткаруу бийлигинин мамлекеттик органы эсептелет.
3. Ушул Жобонун күчү менчигинин түрүнө карабастан, Кыргыз Республикасынын аймагында жайгашкан бардык юридикалык, жеке жактарга – Кыргыз Республикасынын аймагынан тышкары жүргөн Кыргыз Республикасынын жарандарына, ошондой эле Конвенцияны аткарууга тиешеси бар мамлекеттик бийлик органдарына жайылтылат.
4. Патогендүү биологиялык агенттерди жана токсиндерди өндүрүү, кайра иштетүү жана колдонуу лицензиялоо, экспорттук контролдоо, экологиялык жана техникалык коопсуздук чөйрөсүндөгү мыйзамдарга жана ушул Жобого ылайык мамлекеттик контролго алынууга тийиш.
5. Ушул Жободо пайдаланылуучу негизги терминдер жана аныктамалар:
1) аткаруучу орган – Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан Конвенцияны аткаруу үчүн аныкталган, Конвенциянын жана ушул Жобонун жоболорун колдонуу боюнча кызыкдар министрликтердин, ведомстволордун ишин координациялоочу ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган;
2) имплементациялык колдоо тобу (БКЖК ИКТ) – катышуучу мамлекеттердин Конвенцияны универсалдаштыруу жана имплементациялоо боюнча аракеттерине көмөк көрсөтүүчү, ошондой эле БКЖКнын ишенимин бекемдөө чараларынын алкагында берилүүчү объекттер жана биологиялык иш жөнүндө ар жылдык улуттук баяндамаларды топтоочу техникалык катчылык болуп саналат;
3) биологиялык курал – адамдарга жана жаныбарларга жугуучу, душмандын тирүү күчүн жана калкын, айыл чарба жаныбарларын, айыл чарба өсүмдүктөрүн массалык түрдө кыйратууга, азык-түлүгүн жана суу булактарын булгоого, ошондой эле аскердик жабдыктардын жана аскердик материалдардын айрым түрлөрүн жараксыз кылууга арналган патогендүү микроорганизмдер же алардын споралары, вирустары, бактериялык токсиндери. Жуктуруучу жаныбарлардын патогендүү микроорганизмдерин жеткирүү каражаттары да биологиялык куралга кирет;
4) патогендүү биологиялык агенттер жана токсиндер – жаратылышта кездешкен же генетикалык жактан модификацияланган ар кандай микроорганизм, вирус, биологиялык токсин, бөлүкчө же башка инфекциялык материал, анын ичинде синтетикалык биологиянын продукттары, адамдарда, жаныбарларда же өсүмдүктөрдө кандайдыр бир инфекцияны, аллергиялык же уулануу реакцияларын, азык-түлүктүн, жабдуулардын, камдыктардын же башка материалдардын сапатынын начарлашына жана айлана-чөйрөнүн жагымсыз өзгөрүшүнө алып келиши мүмкүн болгон клеткалуу өсүмдүктөр жана эндопаразиттер;
5) потенциалдуу кооптуу биологиялык объект – патогендүү биологиялык агенттерди жана/же заманбап биотехнология продукттарын пайдалануу, өндүрүү, кайра иштетүү, сактоо, эксплуатациялоо, ташуу же утилдештирүү объекттери.
2-глава. Патогендүү биологиялык агенттерге жана
токсиндерге карата тыюу салуулар
6. Юридикалык жана жеке жактарга төмөнкү аракеттерди жасоого тыюу салынат:
1) төмөнкүлөрдү иштеп чыгууга, өндүрүүгө, топтоого, алууга жана сактоого:
– микробиологиялык агенттерди, ошондой эле келип чыгышына же алуу ыкмасына карабастан, түрү жана саны боюнча профилактикалык, коргоо же башка тынчтык максаттарында колдонуу үчүн арналбаган токсиндерди;
– мындай агенттерди же токсиндерди душмандык максаттарда же куралдуу кагылышууларда колдонуу үчүн арналган куралдарды, жабдууларды же жеткирүү каражаттарын.
2) Конвенциянын 1-беренесинде көрсөтүлгөн агенттерди, токсиндерди, куралдарды, жабдууларды же жеткирүү каражаттарын берүүгө, өндүрүүгө көмөк көрсөтүүгө, дем берүүгө жана түрткү берүүгө, сатып алуу же алууга.
3) Конвенция боюнча тыюу салынган ар кандай башка ишти жүзөгө ашырууга.
3-глава. Конвенцияны ишке ашыруу менен байланышкан милдеттенмелер
7. Конвенцияны аткарууга тиешеси бар юридикалык, жеке жактар жана мамлекеттик бийлик органдары Конвенциянын 1-беренесинде көрсөтүлгөн, алардын карамагында же алардын контролунда болгон бардык патогендик биологиялык агенттерди, токсиндерди, куралдарды, жабдууларды жана жеткирүү каражаттарын мындай объекттер табылган же алынган учурдан тартып жок кылууга же тынчтык максаттарда пайдаланууга которууга милдеттүү.
8. 7-пункттун жоболорун аткарууда калкты жана айлана-чөйрөнү коргоо максатында бардык зарыл болгон коопсуздук чаралары көрүлүшү керек.
9. Конвенцияны аткарууга тиешеси бар юридикалык, жеке жактар жана мамлекеттик бийлик органдары Кеңеш тарабынан алынган даттануунун негизинде Бириккен Улуттар Уюмунун Уставынын жоболоруна ылайык Коопсуздук кеңеши тарабынан кабыл алынышы мүмкүн болгон ар кандай иликтөөлөрдү жүргүзүүдө кызматташууга милдеттүү.
4-глава. Патогендүү биологиялык агенттерге жана токсиндерге карата тыюу салынбаган
иш-аракеттер
10. Конвенция жана ушул Жобо менен тыюу салынбаган максаттар өзүнө төмөнкүлөрдү камтыйт:
1) өнөр жай, айыл чарба, изилдөө, медициналык, фармацевтикалык же башка тынчтык максаттары;
2) жабдууларды, материалдарды, бактериологиялык (биологиялык) каражаттарды жана токсиндерди пайдалануу жөнүндө илимий жана техникалык маалыматтарды тынчтык максаттарда эл аралык алмашуу;
3) көмөк көрсөтүүдө, жеке тартипте же башка мамлекеттер же эл аралык уюмдар менен биргеликте, бактериология (биология) жаатындагы илимий ачылыштарды оорулардын алдын алуу же башка тынчтык максаттарда иштеп чыгууда жана колдонууда кызматташуу.
5-глава. Патогендүү биологиялык агенттер жана токсиндер менен импорттук-экспорттук операциялар
11. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 10-февралындагы № 63 “Кыргыз Республикасынын контролдонуучу продукцияларынын улуттук контролдоо тизмесин бекитүү жөнүндө” токтому менен бекитилген экспорттук контролдонууга тийиш болгон микроорганизмдердин, токсиндердин, жабдуулардын жана технологиялардын тизмесинде көрсөтүлгөн экспорттук контролдонууга тийиш болгон микроорганизмдердин, токсиндердин, жабдуулардын жана технологиялардын импортун, экспортун, реэкспортун жана транзитин караган тышкы экономикалык операциялар милдеттүү түрдө лицензияланууга тийиш.
12. Көрсөтүлгөн операцияларды лицензиялоо экспорттук контролдоо жана лицензиялоо жаатындагы мыйзамдарга ылайык жүзөгө ашырылат.
6-глава. Конвенциянын алкагында жеке жана юридикалык жактардын кулактандырууларды жана билдирүүлөрдү даярдоо үчүн зарыл болгон маалыматтарды берүүсү
13. Микробиологиялык же башка биологиялык агенттерди же токсиндерди иштеп чыккан, импорттогон, экспорттогон, реэкспорттогон, транзиттеген, өткөрүп берген, өндүргөн, кайра иштеткен, колдонгон, сактаган ар бир адам патогендик биологиялык агенттерге жана токсиндерге, объектке же өндүрүштүк аймакка жана бул биоматериалдарды колдонуу максаттарына карата эсепке алуу документтерин жүргүзүшү керек.
14. Ушул эсепке алуу документтеринин негизинде юридикалык жана жеке жактар Конвенция боюнча аткаруучу органга төмөнкү маалыматтарды беришет:
1) патогендик биологиялык агенттерди жана токсиндерди импорттоо жана экспорттоо боюнча;
2) Конвенцияга тиешеси бар изилдөө борборлору жана лабораториялар жөнүндө;
3) биологиялык коргоо жаатындагы улуттук изилдөө жана иштеп чыгуу программаларына катышуу жөнүндө.
15. Анык эмес маалымат берген же аны жашырган ар кандай адам Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине жана Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине ылайык административдик жана кылмыш-жаза жоопкерчилигине тартылат.
7-глава. Мамлекеттик органдардын ыйгарым укуктары
16. Биологиялык агенттерге жана токсиндерге карата экспорттук контролго байланыштуу иш-чаралардын аткарылышын камсыз кылуу үчүн:
Аткаруучу орган:
1) Конвенциянын жоболорунун жана ушул Жобонун сакталышын камсыз кылат, патогендүү биологиялык агенттерди жана токсиндерди өндүрүүгө, кайра иштетүүгө, керектөөгө, колдонууга, импорттоого, экспорттоого, реэкспорттоого жана транзитке контролду камсыз кылуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын ишин координациялайт;
2) Конвенциянын предмети жана ушул Жобонун менен байланышкан кайсы болбосун жеке же юридикалык жактардан патогендүү биологиялык агенттерди жана токсиндерди өндүрүү, пайдалануу, кайра иштетүү, ташып келүү жана ташып чыгуу жөнүндө маалыматтарды сурап алууга укуктуу, эгерде мындай маалыматтар Конвенциянын жоболорун жана ушул Жобону аткаруу үчүн зарыл болсо;
3) Конвенцияга ылайык Кыргыз Республикасынын аймагындагы жарыяланууга тийиш болгон объекттерди аныктайт;
4) Конвенцияны ишке ашыруу үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү боюнча сунуштарды белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине киргизет;
5) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 10-февралындагы № 63 “Кыргыз Республикасынын контролдонуучу продукцияларынын улуттук контролдоо тизмесин бекитүү жөнүндө” токтому менен бекитилген Экспорттук контролдонууга тийиш болгон микроорганизмдердин, токсиндердин, жабдуулардын жана технологиялардын тизмесине кирген микроорганизмдерди, токсиндерди, жабдууларды жана технологияларды импорттоо, экспорттоо, реэкспорттоо жана транзиттөө лицензияларды жана уруксаттарды, ошондой эле акыркы пайдалануучунун сертификаттарын берет;
6) Конвенция боюнча милдеттенмелерди аткаруунун алкагында БКЖК ИКТга ишенимди бекемдөөгө багытталган чаралар жөнүндө отчетту жөнөтөт.
17. Объекттер жана биологиялык иш жөнүндө ар жылкы улуттук баяндамаларды даярдоо жана берүү үчүн Кыргыз Республикасынын коргоо чөйрөсүндөгү, жарандык коргонуу, саламаттык сактоо, айлана- чөйрөнү, экологияны жана климатты коргоо, ветеринардык жана тамак-аш коопсуздугу жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар жыл сайын 1-апрелге чейин аткаруучу органга төмөнкүдөй маалымат беришет:
1) патогендүү биологиялык агенттердин жана токсиндердин экспорту жана импорту боюнча;
2) Конвенцияга тиешеси бар изилдөө борборлору жана лабораториялар жөнүндө;
3) биологиялык коргоо жаатындагы улуттук изилдөө жана иштеп чыгуу программалары жөнүндө;
4) Конвенцияга тиешелүү мыйзамдарды жаңылоо жөнүндө;
5) вакциналарды өндүрүү боюнча объекттер жөнүндө.
Кыргыз Республикасынын бажы иши жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы жыл сайын 1-апрелге чейин аткаруучу органга мурдагы календардык жыл үчүн Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекет болуп эсептелбеген өлкөлөргө/өлкөлөрдөн импорттолгон жана экспорттолгон микроорганизмдердин, токсиндердин, жабдуулардын жана технологиялардын саны жөнүндө, ошондой эле ар бир тиешелүү өлкө боюнча импорттун жана экспорттун сандык параметрлери жөнүндө маалыматты берет.
8-глава. Купуя маалыматты коргоо
18. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын өкүлдөрү кызматтык милдеттерин аткарууга байланыштуу купуя маалыматты сактоого тийиш, ошондой эле анын сакталышын жана ачыкка чыгарылбашын камсыз кылууга милдеттүү.
19. Купуя маалымат анын ишине тиешеси бар адамдын макулдугу менен гана же төмөнкүдөй максаттарда гана ачыкка чыгарылышы мүмкүн:
1) Конвенцияга ылайык Кыргыз Республикасынын өз милдеттенмелерин аткаруу мүмкүнчүлүгүн камсыз кылуу;
2) ушул Жобону укуктук колдонуу;
3) коомдук коопсуздукка байланыштуу өзгөчө кырдаалдарды чечүү.
9-глава. Жоопкерчилик
20. Конвенциянын жоболорун жана ушул Жобону бузуу Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине жана Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине ылайык административдик жана кылмыш-жаза жоопкерчилигине алып келет.