Загрузка документа…
ЖАҢЫ-ПАХТА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
2025-жылдын 31-мартындагы № 29-9\3
121,5 га жерлерин айыл өкмөттүн балансына кайтаруу жөнүндө
Сокулук районунун прокуратурасынын 2025-жылдын 28-мартындагы № 11р/258-25 сантуу сунуштамасынын негизинде Жаңы-Пахта айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. “Альянс Оценка” ЖЧКсынын берген корутундусуна ылайык (мамлекеттик каттоо жөнүндө күбөлүк ГПР 175290-3301-000, КР ЭИМК 0162 сертификаты) наркы 44626950 сомго бааланган 121,5га жер Жаңы-Пахта айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигине коюлсун.
2. Сокулук райондук Кадастр мекемесинин мааламаттына ылайык, №69, №270, №271, №142, №16, №152 контурлар Жаңы-Пахта айыл өкмөттүн жери деп каттоодон өтсүн
3. Сокулук районунун прокуратурасынын 28.03.2025-ж № 11р\258-25 сандуу сунуштамасына ылайык, 121,5 га жери Жаңы-Пахта айыл өкмөтүнүн балансына коюлсун.
4. Жер маселери боюнча жетектөөчү адис Э.М.Кенжеев чечимде көрсөтүлгөн жер тилкелери боюнча иш алып барылсын.
5. Сокулук райондук статистика бөлүмү укутук багыты боюнча такталсын.
6. КР МК караштуу жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттигинин Сокулук филиалы муниципалдык менчикке каттоого алсын.
7. Ушул токтомдун негизинде жер учетуна өзгөртүүлөр киргизилсин жана өзгөртүүлөр боюнча Сокулук райондук мамлекеттик администрациясына, райондук Кадастр мекемесине жана башка кызыктар тараптарга 10 күндүн ичинде маалымат берилсин.
8. Жогорудагы жерлерди пайдалануу Кыргыз Республикасынын жер кодексине жана тиешелүү укуктук-ченемдик актыларга ылайык жүргүзүлсүн.
9. Токтомдун аткарылышы Жаңы-Пахта айыл өкмөтүнүн башчысы М.К. Абдыкеримовго жүктөлсүн.
Жаңы-Пахта айылдык кеңешинин төрагасы |
| Бердигулов А.М |