КЫЗЫЛ-ТУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
2023-жылдын 6-мартындагы № 2
«2023-2026-жылдарга стратегиялык өнүктүрүү планын бекитүү жөнүндө”
Кызыл-Туу айыл аймагын 2023-2026-жылдарга стратегиялык өнүктүрүүнүн планын карап чыгып, талкуулап, ошондой эле бюджет, финансы жана инвестицияларды тартуу боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусун угуп, Кызыл-Туу айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кызыл-Туу айыл аймагын 2023-2026-жылдарга стратегиялык өнүктүрүүнүн планы кийинки өзгөртүүлөр жана толуктоолор менен бекитилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн башчысы А.Б. Джылжымышовко жүктөлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы бюджет, экономика, финансы жана инвестицияларды тартуу боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Айылдык кеңештин төрагасы | М.Б. Суюналиев |